AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
«Өзүңө жаккан иш менен алектен» болбогон бир кепби?

«Өзүңө жаккан иш менен алектен» болбогон бир кепби?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Жумушумду сүйөм” деген адамдарды көргөндө, ичибизде аз да болсо көрө албастык сезим ойноп кетет. Чынында эле сүйүктүү жумуш — сейрек кездешүүчү бакыт. Ошондо жумушун сүйбөгөндөр бактысыз болуп калабы?

Стэнфорд университетинин окумуштуулары рахат тартуулоочу жана өнүктүрчү жумуш табууга кайсы стереотиптер тоскоол болоорун изилдеп чыгышты. Изилдөөдө ушул убакка чейин айтылып келген “Өзүңө жаккан иш менен алектен” деген кептин эч кандай пайдасы жок, кыялдагы жумуш издөөгө тоскоолдук кылаары белгилүү болду.

Окумуштуулардын айтымында «каалаган нерсең менен гана алектен», «кыялыңдын аркасынан түш» деген кеңештер жардам бербейт, болгону жолубузду чаташтырат.

Стэнфорд университетинин психология профессору Кэрол Дуэк, кичинекей эксперимент жүргүзүп көрүүнү чечет. Ал студенттерден, “»Ким өзүнүн жашоодогу ордун издеп жүрөт” деп сурайт. Дээрлик  баары кол көтөрөт. “Алар капыcтан эле башыңа бир нерсе түшүп, анан жашоодо эмне менен алектенишиң керек экенин билип калfсың деп ойлошот. Мисалы, мен дарыгер болушум керек экен, ураа, мен кыялдагы жумушту таптым. Ошону менен биргеликте эмне менен алектенүү керектигин издөө мотивация деп ишенишет”, — деди профессор.

Сингапурдун Yael-NUS колледжинин психология профессорунун жардамчысы  Пол O’Kиф “Эгерде жумуш адиске жагымдуу маанай тартуулабай, күн сайын кайталанчу айлампа болуп көрүнсө – ал ошол замат өзүнө ылайыктуу эмес жумуш менен алектенип жатам деп ойлой баштайт”, -деди.

Жумушка болгон кызыгуу кайдан-жайдан пайда болбойт

O’Kиф жана Стэнфордун окумуштуулары Кэрол Дуэк менен Грег Уолтон “чакырык” тууралуу көз карашты өзгөртүүгө убакыт жеткенин айтышат. Алар жүргүзгөн изилдөөлөргө таянсак кызыгууну табуу мүмкүн эмес, аны өнүктүрүү керек.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жарыяланган  макалада, авторлор эки  башка ой жүгүртүү түрлөрүн баса белгилешкен.

  1. «Белгиленген ой жүгүртүү» – мындай ой жүгүртүүгө ээ болгон адамдар кызыкчылык – бул туруктуу сапат, ал бизге төрөлгөндөн тартып берилет, болгону аны табуу керек дешет.
  2. “Ийкемдүү ой жүгүртүү» — бул ой жүгүртүүгө ээ болгон адамдар кызыкчылыктарды иштеп чыгып, аны өнүктүрсө болооруна ишенишет.

Бул ой жүгүртүүлөрдүн адамга тийгизген таасирин түшүнүү үчүн, изилдөөчүлөр жөнөкөй студенттерге бир катар тажрыйба жүргүзүшкөн.

Окумуштуулар жаштарды эки топко бөлүшөт: кээ бир студенттер техникалык илимдерге кызыкдар болсо, башкалары — гуманитарга. Андан кийин, сурамжылоо жардамы менен студенттердин кимиси «Белгиленген ой жүгүртүү», кимиси  «Йкемдүү ой жүгүртүү» теориясын карманаарын тактап алышып, экспериментти башташат. Сыноо «Белгиленген ой жүгүртүү» теориясын жактагандар өздөрүнүн кызыкчылыгына туура келбеген сабактарга кызыкдар эмес экенин көрсөттү. Натыйжада — пайдалуу сабактарды өткөрүп  же кызыкчылыктарына төп келбесе дагы келечекте пайдалуу боло турган мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартышкан.

Мындан тышкары, алар жакшы көргөн жумушта кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн эмес деген ойдо болгондуктан, кыйынчылык башына келгенде дароо жеңилип, баштаган ишинен баш тартышат.

Ой жүгүртүүсү ийкемдүү адамдар, тескерисинче, каталарды кетирүүдөн аз коркушат. Алар белгилүү бир шарттарда дээрлик ар бир адам ар кандай нерсеге кызыкдар болушу мүмкүн деп болжошот.

Ой жүгүртүүсү белгиленген адамдар жумуш тандап жатканда преспективасына эмес, өздөрүнүн ыңгайына карашат.  Башкача айтканда, кызыкчылыктарын жакшы маяна, жумуш ордунан көтөрүлүүдөн бийик коюшат.

Ой жүгүртүүсү ийкемдүүлөр ар дайым жаңы бийиктикке жетүүгө умутулушат. Ошондуктан, тобокелдиктерге жана өнгүүгө алып бара турган жумуш тандашат.

Эгерде ата-энелер  өздөрүнүн үлгүсү менен балага жаштайынан кыйынчылыктардан коркпошу керек экенин көрсөтүп, жаңы нерселерден коркпоо керек экенин айтып турса, баары жакшы болот. Кийин чоңойгондо бала ким болом деп кыйналбайт.

 

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
30 мүнөттө насыяга смартфон берилет

30 мүнөттө насыяга смартфон берилет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.