AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өзүңдүн темпераментиңди билип ал

Өзүңдүн темпераментиңди билип ал

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психология адамдарды темпераментине жараша 4 түргө бөлөт. Алар: холерик, сангвиник, флегматик, меланхолик. Адамдын темпераменти анын кыймыл аракетин, кандайдыр кырдаалга болгон мамилесин жана кыйынчылыктарды кандайча жеңип чыга тургандыгын көрсөтөт. Эмесе, окуп өзүңдүн темпераментиң кандай экенин билип ал.

Холериктер чечкиндүү, маалыматты тез кабыл алат, бетке айтат. Кыймыл аракети шар, бир ишти баштаса тез бүтүргөнгө аракет кылат. Таарынчаак эмес, кек сактабайт. Сүйлөгөндө да абдан жандуу, колу менен жаңсап, отура калып, тура калып окуяларды айтып берет. Чечимди тез кабыл алат жана дароо ишке ашырат.

Холериктердин кемчиликтери: Өтө шашма. Чыдамы жок, бир жерде отура албайт. Жакын адамдары менен орой сүйлөшөт, чорт кесип айтат. Иштин майын чыгара жасай албайт. Бат эле туталанып кетет, жини мурдунун учунда.

Сангвиниктер шайырлыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Маанайы көпчүлүк учурда көтөрүңкү. Жашоодогу кыйынчылыктарды жеңил кабыл алат, же болбосо такыр көңүл бурбайт. Кандай кырдаал жаралбасын оңой-олтоң көнүшүп, ыгын таап кетет. Иштемчил, чыдамкай. Стресске кабылганда ачууга алдырбайт, сабырдуу.

Сангвиниктердин кемчиликтери: Жасап жаткан ишинин кызыгысы тараса, ойлонбостон таштап коет. Күнүгө кайталанчу бир түрдүү ишти, кылдаттык менен, көңүл коюп аткара албайт. Тез эле тажап кетет. Чечимдерди шашылыш кабыл алат. Эрки бош.

Флегматиктер бир мүнөз болот. Оор басырыктуу, чыдамкай, кайраттуу. Баштаган ишин ар дайым аягына чыгарат. Майын чыгарып жасайт. Бир калыпта жашаганды жактырат. Бардыгын эске алып, эсептеп, так жүрөт. Кекчил эмес. Ага карата айтылган сын жана тамашага маани бербейт. Бардык жерде тартипти сактап жакындарынан да ошону талап кылат. Эс тутуму мыкты. Булар ишеничтүү адамдар. Ичиндеги сезимдерин сыртка чыгарбайт.

Флегматиктердин кемчиликтери: Эмоцияларын көрсөтпөйт. Ичинде эмне болуп жатканын жакшы көрүп же жаман көрүп жатканын түшүнө албайсың. Кыймылы жай. Жаңы шарттарга, адамдарга оңойу менен көнүшө албайт. Мыжыкый, майдачыл.

Меланхоликтер сезимтал. Сынды жана мактоону жакын кабыл алат. Адамдарды бир карап кандай киши экенин адашпастан аныктайт. Мыкты психолог. Башкаларды уга билет. Өзүнө жана жакындарына талапты жогору коет. Абдан эмоционалдуу. Боорукер. Тынчын албаса жигердүү эмгектенет. Чын дилинен кубанып, чын дилинен кайгырат.

Меланхоликтердин кемчиликтери: Таарынчак, кекчил. Уялчак, түнт, чечкиндүү эмес. Тааныш эмес чөйрөдө өзүн жоготуп коет. Көпчүлүктү сүйбөйт. Жалгыздыкты жактырат. Үнүн акырын чыгарып сүйлөйт. Орой мамилени көтөрө албайт. Кенедей нерсеге деле санаа тартып кайгыра берет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын журту кууп чыккан келиндин арманы

Кайын журту кууп чыккан келиндин арманы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.