AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өзүмдү "уродка" деп ойлогонума өкүнөм. Өспүрүм кыздар ой бөлүшөт

Өзүмдү «уродка» деп ойлогонума өкүнөм. Өспүрүм кыздар ой бөлүшөт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Бутум кыйшык», «мурдум сепкил», «безеткилерим көп», «чачым суюк», «сулуу эмесмин» ж.б. Окуучулук кезиңизде өзүңүздү ушинтип жемелечү белеңиз? Күзгүгө карангандан качып, журналдагы моделге эмнеге окшош эмес экениңизди айтып ыйлаган күндөрдү кошпой эле коелу. Бүгүн биздин өсүпүрүм окурмандарыбыз, кантип өздөрүн кабыл алганды үйрөнгөнүн айтып беришет. 

«Джинсыга зар болдум»

Классыбызда бир сатуучунун кызы бар. Эң жакшы кийингени ошол. Эртең менен сабакка баратып бүгүн эмне кийип келет экен деп ойлойм. Жаңы шым же жемпир болсо, кадимкидей жаман болом. Анткени анын жанында меники эски, жаман, бүрдөп кеткен. Бир жолу джинсы кийип келди. Ушундай сонун, аябай алгым келди. Анын жанында өзүмдү басынтып, кедей сезе берчүмүн. Бирок, апамда акча жок экенин билдим. Ошол джинсыга зар болдум. Билбейм, мен бара-бара кийимге көңүл деле бурбай калдым. Ал кызда кымбат кийимден башка эч нерсе жок экенин түшүндүм. Мен жакшы окуйм, досторум көп, апам мени жакшы көрөт. Ушуну түшүндүм. 

«Блогерлерге катталбай калдым»

Инстаграмга кирген сайын маанайым түшчү. Бул нерсе бетиме безетки чыга баштаганда күчөдү. Эмнеге менин бетим башкалардай таза эмес деп ыйлайм. Өзүмдү «уродка» деп урушам. Апам урушат, бул нерсе кетет деп айтат. А мен ишенбейм. Башка классташ кыздарым дагы боенуп, чоң кыздардай болуп жүрүшөт. А мен боенгонду билбейм. Бир күнү инстаграмга кирип туруп, жанагы катталган бардык блогерлерден чыгып кеттим. Анан өзүмө окшогон жөнөкөй адамдарга катталдым. Ошондо гана безетки кете турганын билдим. Азыр күзгүгө каранып, өзүмдү мактап турам. 

«Арыктай албай кыйналат элем»

Мен башында арык эле кыз болчум. Анан эле толо баштадым. Кийимдерим батпай, эжемдикин кие баштадым. Апам врачка алып барды, гормондон экенин айтты. Мен болсо, күн сайын ар кайсы диеталарды колдоном, канча күн ачка уктадым. Бирок, кайра эле тамак жеп алам же кармаган диетам жардам бербейт. Акыры диета кармагандан, өзүмдү кыйнап ачка жүргөндөн тажап кеттим. Өзүмдү кабыл алдым. Каалаган тамагымды жейм, досторум менен жолугам. Бир күнү шымымдын экинчи топчусу топчуланып калганын билдим.  

Өспүрум куракта сиз өзүңүздү кантип жемелейт элеңиз?

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Жаңы жылга кандай маникюр жасайм дегендерге идея

Жаңы жылга кандай маникюр жасайм дегендерге идея

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.