Саламатсызбы! Мен жакында гана төртүнчү баламды көз жардым. Чоң уулумду кичинекей кезинен эле уруп, согуп катуу чоңойттум. Оюмда баланы катуу кармаш керек деген болсо керек. Ал убакта кайын журт деле акыл айтпаган экен. Чогу жашачу элек. Менден чоң абысыным да бар эле же өзүм деле түшүнгөн эмесминби билбейм. Ушул кош бойлуу кезимде ошол күндөрүм эсимден кетпей аябай кыйналып, ал тургай ыйлап да жүрдүм. Өзүмдү ушунчалык жек көрүп, эми дагы ошол күндөрүм эсимден кетпей, өзүмдү күнөөлөп сыгылып ыйлай турган болдум.
Психологго барсамбы дейм, бирок азыр шартым жок. Кантип өзүмдү кечирем, эмне кылсам болот? Билем азыр элдер комментарий жазышы мүмкүн «чала сага, баланы урсаң ошондой болот, колуң сынгыр», деген сыяктуу. Өзүм да өзүмдү ардайым ушинтип каргап келем.







