Күйөөм менен ажыраша албай жатам. Келечектен корком, балдар эмне болот дейм. Ал ичип алып бирдемелерди чукулап сүйлөп нервге тиет. Мас болсо эле кыздарга жаза берет. Аны окуп алып кайра нерв болом.
Чогу жашаганыбызга 10 жылдан ашты. Урушкан сайын ал же мен «ажырашалы» дейбиз. Ажырашканымды элестетип, балдарымды ойлоп боорум ооруп морально чарчадым. Убакыт өтөт, кайра эч нерсе болбогондой сүйлөп баштайт, мен да чарчаганымдан, балдарды ойлогонуман «мейличи» деп жашай беребиз. Кайра ичип алганда башталат. Ошентип «замкнутый круг» болуп жүрөбүз.
Мен өзүмдү бактысыз сезем. Ичкенде башка аялдарга жазганына караганда ал да ошондой болсо керек. Эмне кылышымды билбей калдым. Кеңеш берңииздерчи.







