
Саламатсызбы! Мен 21 жаштамын. 16 жашымда бир жигит ала качып кеткен. 3 айдан кийин ажырашканбыз. Азыркы убакка чейин күйөөгө тийгенден коркуп жүрөм.
Жакында эле бир байке «мага турмушка чык», — деп сунуш киргизди. Ал 34тө, ажырашканына бир жыл болуптур, 3 баласы бар. Чын айтып жатабы билейин деп аялынан сурасам, 2017-жылы жайында экөө кол кармашып түшкөн сүрөтүн жөнөттү.
Кандай ойлойсуз ошол адамга турмушка чыксам туура болобу? Баары эле «жашы өтүп калыптыр, урушасыңар», — деп жатат.







