Саламатсызбы. Жашым 30да, күйөөм экөөбүздүн баш кошконубузга 10 жыл болуптур. Күйөөм мага, бала-чакасына кам көрбөйт, эмне оокат кылып жатканыбыз менен иши жок.
Акчасы болсо эле башкача сүйлөп калат. Ичкенди жакшы көрөт. Проблемасы бүтпөйт. Жардам берейин деп маселелерин чечип берем, процентке акча алып, кредит алып берем. Төлөгөнгө келгенде эле, өзүң төлөп ал, деп кутулат.
А мен жоопкерчиликтүүмүн да. Кайра эле өзүм чуркайм. Жиним келип кетип калайын дейм, бирок жүрөгүм чыдабай, сары санаа болуп келип алам. Эмне үчүн мындай? Мындан ары эмне кылышым керек? Кредит үчүн чыдап жашашым керекпи?







