AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өзүбүзгө болгон бааны көтөрөбүз

Өзүбүзгө болгон бааны көтөрөбүз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Өзүн-өзү туура баалай билүү, ишенүү– ийгиликке жетүүдөгү эң жөнөкөй курал. Бул куралды колдоно албагандар жашоосунда түрдүү кыйынчылыктарга кабылышат. Өзүн төмөн баалоо көйгөйү канчалык деңгээлде олуттуу жана адам өз баасын көтөрүү үчүн эмне кылуусу керек деген суроолорубуз менен психолог Самат Аалкановду маекке тарттык.

— Өзүнө өзү баа берүү качан башталат?

— Өзүбүзгө баа берүүбүз кичинебизден калыптанат. Бала бакчадан тарткан сүрөтүңө, кийген кийимиңе, мектепке барганда жакшы же жаман окуганыңа карата баа аласың. Жашообузда маанилүү болгон ата-энебиз, досторубуз жана мугалимдерибиз биз туралуу кандай ой-пикирде болсо, ошондой адам болуп чоңоебуз.

— Баа алуу адам жашоосуна кандай таасир берет?

— Баа алуу менен адамдар “мен кандаймын, мен киммин” деген чечимге келишет. Балага жаштайынан “ колуңдан эч нерсе келбейт, акыл-эсиң жок” деп айтсак, ал “мен жаманмын, колуман келбейт, утулуп калам” деген жаңылыш образды түзүп, түрдүү кыйынчылыктарга кабылат.

Кызыктуу бир экспериментти айта кетейин. Американын Гарвард университетинин адистери жөнөкөй бир мектепке барып “биз тест ойлоп таптык, анын жыйынтыгында жашоода ийгиликке жетчү адамдарды аныктайбыз” деп тестирлөө жүргүзүшөт. Жогорку упай алгандарды өзүнчө класска бөлүп окута башташат. Окуу жылынын аягында бөлүнгөн класска келип байкоо жүргүзүшсө, сен жакшы окуйсуң деп бөлгөн окуучулар чындыгында эле жакшы окуп башташкан болот. Экспериментке окуучуларды жогорку упайларына карап эмес, кокустан тандашкан эле. Балдар келечекте ийгиликке жетишесиң деген нерсеге катуу ишенгендиктен жакшы көрсөткүчтөрдү беришкен. Демек, “мен кыла албайм” деп айта берсек коркуулар пайда болот, жашоодон болгон күтүүлөр төмөндөйт. Оюубузда эмне болсо, өзүбүзгө ошол нерселерди тартабыз.

— Өзүнө өтө жогору баа берген адамдар тууралуу дагы айта кетсеңиз.

— Өзүнө өтө жогору баа берүү дагы болбойт. Мындай адамдар, өзүн баалабагандардан дагы оорураак көйгөйлөргө кабылат. Аткара албаган нерсесин кыла алам деп, жыйынтыгында ийгиликке жетпей, стресс болот. Башкалардын алдында адекватсыз көрүнөт.

— Кантип өзүн-өзү туура баалоону үйрөнсө болот?

— Өзүбүзгө болгон баа мүмкүнчүлүктөрүбүз менен тең болушу зарыл. Мисалы бир адам 100 сомдук иш аткара алат, бирок өзүн 5 сомго баалайт же тескерисинче. Мындай обьективдүү эмес баалоо болбойт. Алгач турган деңгээлиңди аныктап, колуңан келген нерселерди санап, ордуңду табышың керек. Өзүбүздү туура баалап, күтүүлөрүбүзгө ишенсек, жашообуз өзгөрөт.

— Өзүнө-өзү баа берүүгө жашаган чөйрө канчалык деңгээлде таасир берет? 

— Жашаган чөйрөнүн таасири чоң. Көп адамдар башкалардын “кыла албайсың” дегенине ишенишет. Бирөө “колуңдан келбейт десе” ал өз ичиндеги нерсесин айтат, аны угуунун зарылчылыгы жок. Колуңдан келээрин билсең ошол жетиштүү. Адамдын баарын уга берсең акылыңдан адашасың, тандоо өз колубузда.

— Өзүнө-өзү туура баа берүүнү үйрөткөн китептердин, тренингдердин пайдасы барбы?

— Тренингге барганда же китеп окуганда алардын максаттарын билүү керек. Кеңеш берген китептердин пайдасы жок. Мен өзүмдү жакшы көрүшүм керек турбайбы дегенде эле адам өзүн жакшы көрүп калбайт. Балким ал китептер туура идея айтып жаткандыр. Ал идеяга жетиш үчүн өзүбүзгө болгон ишенимди өзгөртүү керек. Көйгөйлөр тереңдикте жайгашат. Аларга сүйлөмдөр менен жете албайбыз.

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Чемпион боло аламбы?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.