AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Өз жанынан кечүүнүн себептери

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

 Өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн ар бир бешинчи-алтынчысы кат жазып кетишет, көбү асынып жандарын кыйышат, бийиктиктен бойлорун таштап, тамырларын кесип ийгендери да бар. Суицидке үй-бүлөлүк кырдаал, ошондой эле тышкы факторлор да себеп болот. Суицидке жакын адамдардын 80 – 85% психикалык жактан таза адамдар болот, ага баргандарды жалаң психикалык жактан оорулуу деп айткан туура эмес. 

  • Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандарга ар кандай психикалык жана турмуштук оор кырдаалдар түрткү болуп келгени белгилүү. Алсак толук эмес үй-бүлөөлөр, толук болсо да ата-энесинин чыр-чатагы, мектептеги рекетчилик, колунда бар адамдардын балдарынын жашоосуна өзүнүн турмушун салыштыруу өңдүү дагы көптөгөн себептер түрткү болуп, ар кандай стресске кабылган жаш өспүрүмдөр, өздөрүнө кол салган учурлар өкүндүрөт. Бул тууралуу профайлер, Арсланбек Камчыбековго суроо узаттык.
  • Арсланбек мырза, өз жанымды өзүм кыям деген ой канча жаштан баштап келе баштайт?

Суицид – бул психологиялык көрүнүш, аны түшүнүш үчүн, өз жанынан кечем деген адамдын ички дүйнөсүн түшүнүш керек, бул нерсе үмүтсүздүктүн психологиясы. Суицид өтө өсүшө баштаган этап 13 жаштан кийин байкалат. Суицидке жакын адамдардын 80 – 85% психикалык жактан таза адамдар болот, ага баргандарды жалаң психикалык жактан оорулуу деп айткан туура эмес. Өз жанына кол салгандардын арасынан эркек балдар кыздарга караганда эки эсе жакыныраак келет. Ага себеп эркек эмоцияларын ичине катып, эркек деген атка ээ болуу, ар-намыс, ички бугун сыртына кандай чыгараарын билбей тумчугушат.

  • Суициддин себептерине да токтоло кетсеңиз?

Өз жанын кыйгандарды, алардын себептерин бир нече топко бөлсөк болот.

1-топ; социалдык себептер жакырчылык, жетишпегендик, ата-эне мээримине толук ээ болбогондук, жылуу сөз укпай, тиешелүү көңүл бөлүнбөй, өзү менен өзү чоңойгондук.

2-топ; психологиялык себептер, психологиялык травма, зомбулук, куугунтукка учуроо, жалгыздык.

3-топ; психопатологиялык себептер генетикалык жактан суицидке жакын болуу, соматикалык жана психикалык оорулар.

  • Ага үй – бүлөлүк оор абал, шарттар, толук эмес үй- бүлө, жетишпегендик, кичинекей кезинде балдар психологиялык зомбулукка учураганы, зордуктоого жана кыйноого кабылуусу.
  • Үй-бүлөдөн сырткары да тышкы факторлор таасирин тийгизеби?

Албетте тийгизет, маселен көңүлү бар адамына жетпегендиги, мектептеги сүйүү, начар окуу, классташтары менен тил табыша албагандыгы. Алар тарабынан куугунтукка учуроосу, жалгыздыкты сезүү өңдүү. Ошондой эле дарыланууга жатпаган ден-соолугунун абалы, ичимдик менен банги затына жакын болгондугу, спортсмен, актер же артист кумирлерин ээрчип кетүү өңдүү жагдайлар да бар.

  • Өз жандарын кантип кыйышат?

Ар кандай, алсак биринчи орунда асынып өлүү турат, 22,2%. Бул боюнча Кыргызстанда өтө көп мисалдар бар.

Экинчи орунда бийиктиктен боюн таштоо, Бишкете көп кездешет.

Үчүнчү орунда уулануу, 17,6%. Дары-дармектерди ичип жиберүү, банги заттарын колдонуу.

Төртүнчү орунда сууга чөгүп өлүү.

Бешинчи орунда кан тамырларын кесип жиберүү.

Алтынчы орунда өзүн-өзү өрттөө.

Жетинчи орунда атынып өлүү турат.

Ар бир бешинчи – алтынчы суицидке барган өспүрүмдөр кат таштап кетишет, себептерин кечирим суроо, жашоодон чарчаганын, баарынан түңүлгөнүн, жалгыздыктан тажаганын, эч кимге кереги жоктугун, өзүн-өзү айыптоо, балалык сүйүү, ушактан качуу, колдоо таппагандыгы, келечектин жоктугун сезүү өңдүү каттарды кезиктирүүгө болот.

  • Суицидке жакын жаш курактар кайсылар?

Жаштары жана пайыздык жагынан алып караганда 17 ден 24 жашка, ошондой эле 40 жаштан 50 жашка чейинкилер.

50,5% — 14 жаштан 29 жашка чейинкилер болсо,

48,6% — жетилген курактагылар деп айтылат.

0,9% — 14 жашка чыга элек балдар түзөт.

— Суицидке «ылайыктуу» убакыттар жана жылдын кайсы мезгилдеринде кездешет?

Негизинен кечки учурлар, түн ичинде саат 2 ден 4 кө чейинки убакыттар, андан кийин таңкы 5 ке жакын адам өзү менен өзү жалгыз калат, ой басат, эч ким менен оюн бөлүшө албайт, эмнегедир дем алыш жана дүйшөмбү күндөрү кездешет.

Жайкы мезгилде – 29%

Жазда – 28%

Күздө – 24%

Кышта – 19%

Жыл сайын 800 000 киши суицид аркылуу бул жашоо менен кош айтышса, ар бир 40 секундада бир жан кыйылат.

Маек курган профайлер, Арсланбек Камчыбеков болду.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Жалгыздыктан тажадым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.