Саламатсызбы! Мен 19 жаштагы студент кызмын.
Жашоону өзүм теңдүүлөргө караганда эрте түшүнүп алгандай сезиле берет. Ага көп себептер болду.
Ата-энемдин ортосунда жылуу мамиленин жоктугу, уруш-талаш, чечилбес көйгөйлөр. Угуп, көрүп ушунча нерв болуп ыйлачумун.
Эми окуу учурунда апам каалаган нерсе болот, мен каалаган нерсе эч качан болгон эмес. Ак топу алам десем кара топу аласың деп урушуп койчу. Үйгө конок келгенде мага суроо беришсе, апам жооп берчү.
Университетке тапшыруу убагы келгенде да өз оюмду айта алган жокмун. Ким болосуң, кайсы тармак жагат деген суроолор да болгон жок. Өздөрү каалаган престиждүү факультетке тапшыртышты.
Карантин убагында айылга келип ошондон бери кете албай жүрөм. Кантип өз оюмду ачык айтсам болот? Кетип иштейм десем, шаарда жумуш жок деп сөздүн аягына чыгып коюшат.
Башымда жоолугум, беш убак намазым турса да ишенишпейт. Тагдырга жазылган бардык сыноолорго, жада калса ушундай үй-бүлөдө төрөлгөнүмө да ыраазымын. Бирок көп нерсе көкүрөгүмдө катылып, элдерге аралаша албай, бат тил табыша албай жабык болуп калдым.
Эми ата-энемдин эң көп берилген суроосу: «Эмнеге сүйлөбөйсүң?» Жообун айтып, түшүндүрүүгө сөзүмдү короткум келбей, унчукпай кутулам. Эми шаарга кетип, бир күн болсо да тынч, нервденбей жашагым келет. Бирок кетирбөөнүн айласын издеп, өздөрү каалагандай чечим кабыл алып жатышат. Мен тажадым…
Алдын ала сизге рахмат!
«Билесиңби» порталын дайыма окуйм, ишиңизге ийгилик!







