AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өспүрүм менен татаал темада кантип сүйлөшсө болорун психолог айтып берет

Өспүрүм менен татаал темада кантип сүйлөшсө болорун психолог айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бала бой жеткен сайын, аны менен сүйлөшө турган темалар ошончолук татаал боло баштайт. Психотерапевт, гештальттерапевт жана сексолог Наталья Ивахник татаал темалардан качпай, алар тууралуу кантип сүйлөшсө болорун айтып берди.

Өспүрүм менен татаал темада кантип сүйлөшсө болорун психолог айтып берет

 
Адистин айтымында, өспүрүмдөр менен ар кандай таалуулуу маселелер, айталы, өлүм, баңгизат же секс менен сүйлөшүү оор болушу мүмкүн.

«Бул темалар уят, коркуу жана тынчсыздануу сезимин жаратышы мүмкүн болгондуктан оор деп аталат. Бул темалардын тегерегинде көптөгөн мифтер бар, алар көбүнчө мыйзамдарды бузуу менен байланышкан, жалпысынан алар тууралуу ачык айтуу уятка айланган», — дейт психолог.

Адис ата-энелерге өспүрүм менен мындай темада сөз баштоого кантип даярданса болоруна жардам болчу бир нече сунуштарды берди.

Сүйлөшүү ата-энелердин ага даярдануусунан башталат

Биринчиден, өспүрүм менен байланыш түзүү керек.

«Өспүрүм куракта ата-эне менен жакын мамилеге болгон муктаждык азая баштайт. Эгер мурда өспүрүм менен ишенимдүү мамиле курлуган эмес боло, байланыш түзүү үчүн бир аз аракет кылуу керек», — дейт адис.

Психотерапевт өспүрүм менен сүйлөшө турган темага карата өзүңүздүн жеке пикириңизди аныктоо да маанилүү экенин белгилейт.

«Ар кандай сезимтал темалар боюнча сүйлөшүүнү баштоодон мурун, ата-эне: «Мен бул темага кандай карайм?» деп ойлонушу керек. Анткени көбүнчө ата-энелер балдары менен гана эмес, жалпысынан эле кандайдыр бир темада сөз баштоодон уялышат же коркушат. Сезимдерди түшүнүп алуу сүйлөшкөнгө жардам берет», — дейт Наталья Ивахник.

Сүйлөшүүгө даярдануу үчүн ата-энелерге төмөнкүлөр керек:

  • Алга ата-энелер өздөрү жыныстык катнаш, өлүм, баңгизаттар же өспүрүмүңүз менен сүйлөшкүсү келген башка темалар боюнча өз алдынча изилдөө жүргүзүшү керек. Бул суроолорго такалбай жооп берүүгө жана керектүү маалыматка ээ болууга жардам берет.
  • Мындай темаларда сөз козгоодон мурун, ата-энелер өздөрүн түшүнүшү керек: жыныстык катнаш жөнүндө кайдан билишкен, кайсы булактардан, алган маалыматтары жашоодо жардам бергенби, силерге айтпаган, бирок билгиңер келген нерселер ж.б. Өспүрүм кезиңизди эстеңиз. Кандай сезимдер жана ишенимдер тоскоолдук жаратыа, ыңгайсыз абалга калтырарын түшүнүп алыңыз.

Өспүрүм менен кантип сүйлөшүү керек?

  • «Секс, өлүм, баңгизаттар жөнүндө эмне билесиң? Бул маалыматты кайдан алдың?» деген суроо менен маекти баштасаңыз болот. Өспүрүм канчалык көп нерсени билеринугуп, таң калышыңыз мүмкүн.
  • Бала эмне десе да, анын сөзүн бөлбөй, кунт коюп угуу маанилүү. Сабырдуу, сынчыл эмес жана баркын түшүрбөгөн маектеш болуу керек.
  • Бала баңгизаттар жөнүндө укканы жөнүндө айтып бүткөндөн кийин, эң жакшы жооп — ага чынчыл пикир билдирүү. Мисалы: «Сонун, сен көп нерсени билет турбайсыңбы, бул жөнүндө айтып жатканың абдан жакшы.» Сиздин токтоо болуп, кунт коюп жооп бергениңиз балаңызга бул тема боюнча сиз менен эркин сүйлөшө аларына жана анын пикири сизди кызыктырарына ишеним берет.
  • Балаңыздын айтылуу темалар боюнча бар болгон маалыматтарын уккандан кийин, туура маалымат берип, уламыштарды жокко чыгара берсеңиз болот. Бул жерде өспүрүмгө туура маалымат беришиңиз керек экенин унутпаңыз.
  • Балаңызга кандайдыр бир маалыматты айтып жатканда, ал аны толук түшүнгөнүнө ынаныңыз. Буга мисалдарды келтирүүгө болот.
  • Эгер балаңыз сиз жообун билбеген суроо берсе, жоопту ойлоп табуунун жок маанилүү. Балаңыз менен чынчыл болуңуз. Эгер жообун билбеген суроо пайда болсо, ага чындыкты айтыңыз. Бул учурда, балаңыз менен бирге ал суроонун жообун табууга сонун мүмкүнчүлүк болот.
  • Балаңыз менен ал жөнүндө эмес, аны менен сүйлөшүңүз.
  • Өспүрүм менен жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшкөндө цензураланган лексиканы кармануу жана нерселерди жана жыныс органдарын өз аттары менен атоо керек. Ошондой эле медициналык терминдерди колдонуу сунушталат.
  • Бала менен сүйлөшкөндө, албетте, жаш курагын да эске алуу зарыл. Маектешүүнүн формасы ага жеткиликтүү болушу керек, маекте өтө татаал жана түшүнүксүз сөздөр колдонулбашы керек, эгер жаңы нерсе айтылса, анда жаңы сөздүн маанисин түшүндүрүү зарыл.

Эмне үчүн өспүрүмдөр менен татаал темаларда сүйлөшүү маанилүү?

Бул татаал темалардын баары өспүрүмдүн жашоосунда өтө маанилүү ролду ойнойт. Анткени аларда баланын коопсуздугу боюнча маселелер көтөрүлөт. Ошондой эле, өспүрүм үчүн мындай сүйлөшүүлөр ага эмне болуп жатканын нормалдаштыруу катары кызмат кылат.

Ал ата-энеси айткан кээ бир физиологиялык өзгөрүүлөрдү (менструация, түнкү поллюция) сезе баштаганда, ал жалгыз эмес экенин жана анда баары жакшы экенин түшүнөт.

«Мен ата-энелерге бул мисалды көп келтирем: 17 жаштагы бала менен 16 жаштагы кыздын мамилесин элестетип көргүлө. Алар сексуалдык жашоо менен жашай башташты дейли. Бир жыл өткөндөн кийин, жигит бойго жетет, а кыз али бойго жете элек болуп эсептелет. Ал эми жашы жете элек бала менен жыныстык катнашта болуу кылмыш экенин, бул нерсенин аягы эмне болуп бүтөрүн түшүнбөшү мүмкүн. Ошондуктан коопсуздук үчүн мындай темаларды талкуулоо керек», — деп белгилейт психотерапевт.

Өспүрүмдөр менен секс темасын талкуулоо маанилүү, анткени бул алардын физикалык, физиологиялык, психологиялык жана укуктук коопсуздугу.

«Өспүрүмдөр менен жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшүү — ата-эне баланы жыныстык катнашка үйрөтөт дегенди билдирбейт. Кеп коопсуздук, сексуалдык жашоого эмне таасир этиши мүмкүндүгү, түзүлүшүбүз жана гигиена жөнүндө», — дейт адис.

Ошондой эле ата-эне татаал темалар боюнча баарлашууда бала үчүн авторитет болушу керек.

«Бала менен ээн-эркин сүйлөшкөндө, ал ар дайым көчөдөгү бирөөгө эмес, сизге кайрыла аларына ишенет. Өспүрүм бул темалар боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса дагы, ал сиздин тигил же бул теманы козгогонуңузду эстеп, суроолору болсо же бир нерсе менен бөлүшкүсү келсе, сизге кайрыла аларын билет», — дейт Наталья Ивахник.

Белгилер: Ата-энелерге
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Өспүрүмдөр жыныстык катнаштагы эки тараптуу макулдук тууралуу эмне билиши керек

Өспүрүмдөр жыныстык катнаштагы эки тараптуу макулдук тууралуу эмне билиши керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.