AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өспүрүм курагындагы никелер

Өспүрүм курагындагы никелер

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Гендердик зомбулук — бул жыныстык айырмачылыкка негизделип жасалган зомбулук. Тактап айтканда аялга анын аял болгондугу үчүн жасалган зомбулук. Биздин коомдо болуп жаткан аялды же кызды, балдарды уруп сабоо, психологиялык азаптарды тартууга түртүү, сексуалдык жактан кол салуу, өспүрүм курагындагы никелер, кыз ала качуу. Өспүрүм курагандагы никелер жана зомбулук боюнча экесперт Гулбарчын Жумабаева эрте турмуш жолуна аттануудагы зыяндар туурсында айтып берет.

Өспүрүм курактагы никелер

Изилдөөлөр мындай никелердин көбү ажырашып кеткендигин далилдеди

Кыздын жаш-курагы жетпегендиктен, нике мамлекет тарабынан катталбай калат. Бул болсо, ажырашкандан кийин өспүрүм кыз эч коргоосу жок көчөдө калат дегенди түшүндүрөт. Мамлекет тарабынан катталган никелешүү күбөлүгү жок болгон учурда, кыздар алимент, балдарына жөлөк пул алуу, үй-мүлктү бөлүштүрүү укуктарына дагы ээ болбой, бирден, экиден баласы менен көчөдө калат. Жогорку, ал тургай орто билими жок болгондуктан жакшы айлык ала турган жумушта иштей албайт, көбүнчө оор, кара жумушта иштөөгө туура келет. Демек, жакырчылыктуу келечекке кабылып кыйналышат.

Өспүрүм кыздарды мыйзам чегинде коргоо үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренеси иштейт. Ага ылайык, өспүрүм кыз менен никеге турган учурда, үйлөнүп жаткан адамды, диний нике кыюу каадасын ишке ашырган адамды жана өспүрүм кыздын ата-энесин 3 жылдан 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы күтөт.

Эрте турмушка чыгуу билимсиздикке жол ачат

Кыргыз Ресбупликасынын Үй-бүлө кодексине ылайык, 18 жаш курагына толо элек ар бир жаран “бала” деп эсептелинет. Бала курагындагылардын баары мектеп окуучусу, демек мектепти аяктап билим алуусу керек. Өспүрүм курагындагы никелер жана зомбулук боюнча эксперт Гулбарчын Жумабаева өспүрүм кыздар эң негизги билим алуу укугунан ажырап калаарын баса белгилейт.

Эрте турмушка чыккан кыздар мектепти аяктай албай, билим алуу укугунан ажырашат. Өспүрум кыздар эрте турмушка чыкканда, барган үй-бүлө мүчөлөрү алардан чоң адам жасай турган үй жумуштарын аткарууну талап кылышат. Бирок, өспүрүм кыз али бала болгондуктан мунун баарын көтөрө албайт. Үй-бүлөдөгү физикалык, тактап айтканда уруп сабоо, психологиялык зомбулуктарга кабылышат.

Эрте турмуш куруу эрте төрөт менен коштолот. Ал эми кыз өспүрүм болгондуктан, анын организми дени-сак бала төрөөгө даяр эмес. Ушул себептен энелердин өлүмүнүн көбөйүшүнө түрткү болот. Ал эми акушер-гинеколог Гулзина Мадраимова өспүрүм кыздар жаңы отургузулган дарак сымал, алар жетилип өсмөйүн мөмө бере алышпаарын айтат.

Өзү бала болуп туруп баланын баркын түшүнбөй төрөттө кыйналып калышы мүмкүн. Өсүп жетилип жаткан курак болгондуктан денеде кан, өзүндө кандайдыр бир витаминдер жетишсиз болот. Анан өзүңдөгү аз затты бала менен бөлүүшүүгө туура келет. Бала менен бөлүшө албасаң бала алсыз болот жана өзүң дагы күчсүз болуп организим начарлап оорулар козголот. Мисалы жаңы отургузулган дарак жетилип өсмөйүн мөмө бербейт, кыз бала деле ушундай.

Окурмандардын арасынан эрте күйөгө чыгып, жаштайынан турмуш түйшүгүн тартып, ошол эле учурда ага жол көрсөтүп, багыт бере турган адамдар жок болуп баары тең андан талап гана кылган учурларды айтып кайрылышат. Алардын бири

  • Эрте турмушка чыккам. Жолдошум дайыма басынтып, кемсинтип сүйлөйт. Кээде кол көтөргөн учурлары болот. Эмне кылсам болот?

Сиздин жолдошуңуз сизге карата психологиялык зомбулук жасап жаткандыгын байкабай жатса керек. КРнын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо” мыйзамына ылайык, дене- бойго, сексуалдык, экономикалык зомбулук жасоо коркунучу, ошондой эле ар намысты жана кадыр баркты атайылап басмырлоо, өмүргө коркунуч келтирүүчү же психологиялык, дене-бойлук саламаттыктын бузулушуна алып келүүчү укук бузууларды жасоо. Демек, бул үй-бүлөлүк зомбулук болуп эсептелинет. Жолдошуңузга муну түшүндүрүүгө аракет кылыңыз.Таптакыр болбогон учурда, жашаган жериңиз боюнча, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө (участковый) кайрылыңыз. Ал сизге жана жолдошуңузга биринчи 3 күнгө коргоо ордерин берет. Ага ылайык, жолдошуңузга мындай басмырлоо, тактап айтканда зомбулукту дароо токтотуу, сиз жана балдарыңыз менен байланышты токтотуу талабы коюлат. Күйөңүз менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Эгер, 3 күндүн ичинде мындай жүрүм-турумун токтотпосо, милиция сиздин арызыңыз менен коргоо ордерин 30 күнгө узартат. Бул 30 күндүн ичинде жолдошуңуздун мындай жүрүм-турумун өзгөртүүчү программадан өтүүгө жиберет. Ал программаны социалдык жактан коргоо органдары ишке ашырат. Эгер жолдошуңуз коргоо ордеринин бул шарттарын аткарбаса, аны КРнын Администрациялык жоопкерчилик кодексине ылайык жаза чарасы күтөт. Коргоо ордери -бул сизди мамлекет тарабынан коргоочу документ болуп саналат.

Аялдарга жана кыздарга жасалган зомбулуктар:

  • сексуалдык зомбулук;
  • экономикалык зомбулук;
  • психологиялык зомбулук;
  • зыяндуу никелик салттар, тактап айтканда кыз ала качуу, өспүрүм курагындагы никелер, никелешүүгө мажбурлоолор кирет;

Бирок, билип алыңыз, бул зомбулуктардын баарынан мамлекет Сизди коргойт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык, жыныстык айырмачылыгы боюнча эч ким басмырлоого кабылбашы керек. Ар бир жаран төрөлгөндөн баштап, өз кадыр- баркы, укуктары менен эркин, тен укуктуу болуп эсептелинет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Телефон келечегиме балта чапты!

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.