AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Өкмөт өкүлдөрү менен каралар “кирешеңдин 50% бизге бересиң” деп жатышат

Өкмөт өкүлдөрү менен каралар “кирешеңдин 50% бизге бересиң” деп жатышат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Саламатсызбы! Мен сиздерден кеңеш алайын дедим. 28 жаштамын. Үй-бүлөлүүмүн, эки кыздын атасымын. Айылда турабыз. Мындан 4 жыл мурун Кытайдан бизнес багытында билим алып келгем. Жубайым менен ошол жерден таанышкам. Кийин Кыргызстанга келип баш коштук.

Чет жакадан алган билимдеримди ишке ашырайын деп, атайын айылга барып бизнес ачтым. Алгач ишти баштоо үчүн үйүмдү күрөөгө коюп, 30 миң доллар насыя алдым. Кытайдын Чжэнчжоу шаарынан кирпич бышырчу жана шифер жасай турган жабдыктарды сатып алып келдим. Керектүү документтерди топтоп, расмий түрдө каттоодон өтүп, ай сайын салык төлөй баштадым.

Кудай жалгап, ишим оңунан чыгып, жүрүшүп кетти. Ошондо балээнин баары башталды. Кайдан жайдан акимиаттан, санэпидемкөзөмөлдөн, ӨКМдан, архитектурадан, салыктан, прокуратурадан кишилер келип себепсиз айыптарды коюп, текшерүүлөрдү жүргүзүшүп, коркутушту. Мени мыйзамды билбейт деп ойлоштубу, айтоор, “ишиңди жаап коебуз” деп акча доолашты. Эч кандай мыйзам бузбасам, эмнеге маңдай терим менен тапкан акчамды аларга беришим керек?! Болбой эле асылып туруп алгандыктан, Бишкектеги кызмат орду чоңураак тууганыбыздан жардам суроого мажбур болдум. Тууганыбыздын сөзү аларга аз да болсо өттү. Эми гана өзүмө келип, бир балээден кутулдум деп сүйүнүп жатсам, жаңылышыпмын.

Бир күнү жубайым экөөбүз тойго кеткенбиз. Ишканага баш-көз болуп байкем калган. Ал жерде жаңы эле сатып алган жабдыктар, кымбат трансформатор бар эле. Ошол түнү байкемди белгисиз бирөөлөр келип, артынан башка чаап, трансформаторду уурдап кетишиптир. Милицияга кайрылсам, жыйынтык болгон жок. Күндө бара берип тажап деле калдым. Эч кандай иликтөө жүргүзбөстөн, 3 айдан кийин ишти жаап коюшту.

«Аңгектен качсаң — дөңгөккө кабыласың» дегендей, эми каралар чөйрөсүнөн кишилер келип коркута баштады. “Көчүп кетесиң же биздин мыйзам боюнча жашайсың. Эгерде милицияга кайрылсаң, түндө келип үй-бүлөңдү өлтүрүп көмүп кетебиз, силерди эч ким деле издебейт” дешти. Мен азыр эмне кылышымды билбей турам. Акыйкат издеп укук коргоо органдарына барган менен пайда жок экенин түшүндүм. Сиздердин долбоордон ишкерлердин берген маектерин окуп калам. Балким алардын башынан дагы ушундай окуялар өткөндүр. Кантип бул көйгөйдөн арылсам болот. Алардан мага кеңеш алып бериңиздерчи!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Туугандар бири-бирине баш кошсо эмне болот? Адистер жооп берет

Туугандар бири-бирине баш кошсо эмне болот? Адистер жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.