AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Он жылдан бери үй жумушчулары татыктуу эмгек үчүн күрөшүп келишет

Он жылдан бери үй жумушчулары татыктуу эмгек үчүн күрөшүп келишет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үй кызматкерлеринин татыктуу эмгеги жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын он жылдыгында COVID-19 пандемиясы алардын эмгек рыногундагы абалы аялуу бойдон кала бергендигин көрсөттү.

Үй кызматкерлеринин эмгек укуктарын тастыктаган Эл аралык эмгек уюмунун № 189 тарыхый Конвенциясы кабыл алынган күндөн бери он жыл өттү, бирок алар дагы деле кызматкер менен маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү катары таанылуу үчүн күрөшүүгө туура келүүдө.

ЭЭУнун жаңы баяндамасында алардын көпчүлүгү эмгектенген шарттар он жылдын ичинде жакшырган жок, ал эми COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам начарлап да кетти деп айтылат.

Каатчылык күчөп турган кезде Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө, ошондой эле Канада менен Түштүк Африкада үй кызматкерлеринин жумуш ордуларын жоготуулары 5%дан 20 пайызга чейин чыгып жатты. Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө абал андан да оор болгон — алар 25%дан 50%га чейин жумуш ордулары жок калышкан. Ошол эле убакта дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кызматкерлердин башка категорияларынын арасындагы жумуш ордуларын жоготуулар 15 пайыздан ашкан жок.

Баяндамада келтирилген маалыматтар дүйнө жүзү боюнча 75,6 миллион үй кызматкери (же кызматкерлердин жалпы дүйнөлүк санынын 4,5 пайызы) олуттуу сыноодон өткөндүгүн жана бул, өз кезегинде, алар үй жумушутарын аткарган үй чарбаларына таасир эткендигин айгинелейт.

Баяндамада COVID-19 пандемиясы үй кызматкерлеринин ансыз деле эмгектин жагымсыз шарттарын ого бетер тереңдетти деп айтылат. Эмгекти коргоо менен социалдык коргоо чөйрөсүндөгү көп жылдардан берки топтолуп келген боштуктар аларды пандемиянын кесепеттерине карата өзгөчө аялуу кылат. Бул, айрыкча, расмий эмес экономикада иштеген 60 миллиондон ашуун үй кызматкерлерине тиешелүү.

«Каатчылык үй жумушун анда иштегендер татыктуу эмгекке жетүүсүн камсыз кылуу үчүн расмий негизге өткөрүү өтө зарыл экендигин ачыктады жана баарынан мурда эмгек жана социалдык камсыздоо жөнүндөгү мыйзамдардын күчү бардык үй кызматкерлерине жайылтылууга тийиш», — дейт ЭЭУнун Башкы директору Гай Райдер.

Мындан он жыл мурун үй кызматкерлеринин татыктуу эмгеги жөнүндөгү тарыхый Конвенцияны кабыл алуу дүйнө жүзү боюнча алардын көпчүлүгүн аялдар түзгөн он миллиондогон үй кызматкерлери үчүн жетишкендик катары бааланган.

Акыркы он жылдын ичинде белгилүү бир ийгиликтерге жеттик: эмгек мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу чөйрөсүнөн тышкары болгон үй кызматкерлеринин саны кеминде 16 пайыздык пунктка кыскарды.

Ошондой болсо дагы, үй кызматкерлеринин олуттуу бөлүгү (36%) эмгек мыйзамдарын колдонуу чөйрөсүнөн толугу менен четтетилген бойдон калууда жана бул мыйзам чыгаруудагы боштуктарды, айрыкча ачык-айкын көрүнүп турган Азия-Тынч океан регионундагы өлкөлөрдө жана Араб мамлекеттеринде бул боштуктарды тез арада жоюунун өтө зарыл экендиги тастыкталат.

Үй кызматкерлерине эмгек жана социалдык камсыздоо жөнүндөгү мыйзамдар жайылтылган учурда дагы, мындай ченемдерди колдонуу социалдык четтөөгө жана расмий эмес эмгек мамилелерине чоң өбөлгө түзөт. Баяндамада ар бир бешинчи үй кызматкери (18,8 пайыз) иш менен камсыз кылууга байланышкан социалдык камсыздоону чындап пайдалана тургандыгы баса белгиленет.

Үй жумуштары аялдардын эмгеги басымдуулук кылган чөйрө бойдон калууда: анда 57,7 миллион аял эмгектенет, бул үй кызматкерлеринин 76,2 пайызын түзөт. Европада, Борбордук Азияда жана Америка континентинде аялдар жумушчу күчүнүн көпчүлүгүн түзсө, Араб мамлекеттеринде жана Түндүк Африкада үй кызмактерлеринин көпчүлүгүн аялдарга караганда эркектер (63,4 пайыз) түзөт, ал эми Түштүк Азияда үй кызматкерлеринин арасында эркектер жарымынан бир аз азыраакты (42,6 пайыз) түзөт.

​Үй кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгү эки региондо: жарымына жакыны (38,3 миллион) — Азия жана Тынч океан өлкөлөрүндө, биринчи кезекте Кытайда; дагы бир чейреги (17,6 млн.) — Америка континентинин өлкөлөрүндө иштешет.

Ушул тапта үй кызматкерлери мыкты уюшулган жана өздөрүнүн кызыкчылыктарын, көз караштарын жана укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Алардын уюмдары, ошондой эле үй кызматкерлерине иш берүүчүлөр уюмдары бүгүнкү күнгө чейин бул чөйрөдө жетишилген ийгиликтерге негизги салымын кошуп келишти.

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Клон" телесериалын унута элек болсоңуз тесттен өтүңүз

"Клон" телесериалын унута элек болсоңуз тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.