AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Он бир жаштагы балама күйөөгө тийип жатам десем

Он бир жаштагы балама күйөөгө тийип жатам десем, жообу таң калтырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Эс тарткандан бери бирөөлөрдүн оюу менен жашадым. Кайда бас десе, ошол жакка басам, отур десе отурам, тур десе турам. “Эл эмне дейт”, ар бир аракетим ушул суроо менен ишке ашат. Бир дагы жолу жүрөгүмдү укпадым, өзүмдүн каалоолорумду биринчи орунга койбодум.  

Жадакалса, кыялымдагы кесип ээси болууга каршы чыгышты. Жактырбаган факультетимде беш жыл окудум. Бүткүчө эзилип кеттим. Анан жашым келип калганын айтып, ар ким менен тааныштыра башташты. Бул жерде дагы “Эл эмне дейт” деген нерсе жеңип чыкты, сүйбөгөн адамга турмушка чыктым.

Кол көтөрө баштады. Ата-энеме барсам, башында баары ошондой болорун айтты. Колумдагы көктү жашырып, жүзүмө жалган күлкү чаптадым. “Күйөөм мыкты”,- деп мактандым. Кечинде жаздык кучактап ыйладым. Акыры төрт жашар балам менен көчөгө айдалдым.

Балам башкача акылдуу. Эс тарткандан бери ыйлаганын көргөн жокмун. Атасына эч тартылбай койду. Иш кылып жатсам акырын жаныма келип, колумдагы көк такты өөп чуркап кетчү. “Энесинин баласы”,-деп күйөөм дагы жактырбайт эле. Ишенесиңерби, бир дагы жолу “ата”,-деп айткан жок. Эмнегедир күйөөм балама жакындай албайт. Баламдын бир көз карашы аны токтотуп койчу. Күбүрөнүп алып сыртка чыгып кетет.

“Апа, эми өзүбүз каалагандай жашайбызбы?” Аялдамада автобус күтүп отурганбыз. Уулумдун бул сөзү көзүмдү ачты. “Ооба, балам, эми өзүбүз каалагандай жашайбыз”,-дедим дагы, ата-энемдикине бара турган маршруткага эмес, башканы токтоттум.  

Андан кийин башымдан өткөргөн азаптарды айтпасам деле түшүнсөңөр керек. Бир кара бөлкөнү эки жумага жеткирген далай күндөр өттү. Балама берген сөзүм гана мага күч-кубат берип турду. Анын алдында уят болгум келбеди. Анан дагы бирөөнү эмес, жүрөгүмдү укканды үйрөнө баштадым.

Андан бери жети жыл өттү. Күйөөмдү ошондон бери башка көргөн жокмун. Ата-энем дагы өзгөрдү. Шаардагы батириме келген сайын сүйүнүп кетишет. Аларды эбак кечиргем. Кайра тескерисине боорум ооруйт, анткени “Эл эмне дейттин” курмандыктары.

Экинчи сүйбөйм деген менен могу жүрөк укпады. Аны күн сайын көргүм келет. Тынбай эле эркелете берсе дейм. Кучактаса өзүмдү коопсуздукта сезем. Баарынан дагы кам көргөнү жагат. Күрмөсүн кийгизип, шарфын ороп койсо, ушунчалык жүрөгүм жылыйт, өзүмдү кичинекей кыз сезем. «Мен жаныңдамын, эмне иш кылбагын колдойм, бул нерсени унутпа»,-ушул сөзү  жүрөгүмдү толук багынтты. 

Колумду сурап балам менен таанышкысы келгенин айтты. Мамилебизди көптөн бери жашырып жүргөм. Уулум дагы бой жетип калды. Кандай кабыл алат деп бушайманмын.

— Балам, менин сага айта турган бир сөзүм бар эле.

— Угуп жатам апа.

— Күйөөгө тие берсем болобу?

— Апа, эмне үчүн менден сурап жатасың?

— Анткени, сен менин баламсың?

— Ооба, мен сиздин балаңызмын, жөн гана балаңызмын. Жашооңузду мен тескебейм. Эмне кылсаңыз, ошону кылыңыз. Кандай болгон күндө дагы мен сизди жакшы көрөм.

Болгону он бир жашта. Мынча акылдуу. Өзүмдү кармай албай ыйлап жибердим. Катуу кучактап, “сиз бактылуу болууга татыктуусуз”,-деп кулагыма шыбырады.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем аяз ата болуп кийинип алып

Кайын энем аяз ата болуп кийинип алып, кечирим сураганы келиптир

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.