AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Нуртай Абилгалиев: “Мыкты жетекчи – кызматкерлерин башкарбайт!”

Нуртай Абилгалиев: “Мыкты жетекчи – кызматкерлерин башкарбайт!”

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кантип жетекчи болот? Бул суроо кимдир бирөөнүн кол астында иштегендерге кызык болсо керек. Себеби “Генерал болгусу келбеген солдат, солдат эмес” деген кеп бар.  

Beeline уюлдук компаниясынын стратегиялык өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Нуртай Абилгалиев кесиптештери сыйлаган, урматтаган жетекчи болуунун сырларын айтып берди.

Жогорку кызматты ээлеген же ээлегиси келген адам кандай сапаттарга ээ болуп жана кандай каталарды кетирбеши керектигин билгиңиз келсе, кызыктуу маекти окуңуз.

Жетекчи – бул насаатчы. Жетекчинин максаты кимдир бирөөнү башкаруу эмес — уюмун өнүктүрүү. Ал муну кызматкерлерин өркүндөтүү менен ишке ашырат. Аларга жаңы билим, өзүнө болгон ишеним берип, күчтүү команда топтойт. Командасы күчтүү компания көп бийиктиктерди багынтат.

Азыр башкаруу системасы өзгөргөн

Дүйнө менен бирге компанияны жетектөө тенденциялары өзгөрүүдө. Мурун директивдүү башкаруу системасы — башкаруу чынжырчадай өйдөдөн ылдый кетчү. Азыр баары тескерисинче, ийгиликти багынтып, гүлдөп жаткан компаниялардын башкаруу системасы ылдайдан өйдөнү карай багыт алган. Тактап айтканда, ар бир кызматкер уюмунун өнүгүүсү үчүн кызыкдар.

Заманбап жетекчи кызматкерлерине кам көрөт

Заман талабынан артта калбаган жетекчилер компаниясынын башкаруу системасын кызматкерлери өзүн көрсөтө алгандай кылып курат. Ар бир кызматкерде генералдык директор менен байланышуу, идеясы менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү бар.

Мыкты жетекчи чекти билет

Жетекчи эч качан кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланбашы керек. Өзгөлөрдөн кандай мамиле күтсөңүз, алгач өзүңүз аларга ошондой мамиле жасаңыз. Жетекчи башкаларга сый мамиле жасайт, бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбейт. Оба, адам болгондон кийин эмоцияларды көргөзөбүз. Бул деген жумушуна кызыкдар дегенди билдирет, көңүл кош болуудан алда канча жакшы. Бирок чектен ашып кетпөө зарыл. Ар бир адамдын жеке жашоосун сыйлагыла.

Баарын кичинеден баштаңыз

Эч нерсеге жетишпейсизби? Эмнени гана пландабаңыз, ишке ашпай жатабы? Анда пландардын өлчөмүн азайтыңыз. Бир жумалык болсо, бир же жарым күндүк кылыңыз. Кичинеден баштаңыз. Нугуна түшкөндө, акырындап жогорулатыңыз. Ошентип сизде пландоо жөндөмү жакшырат, баарын өз убагында жасоо адаты калыптанат.

Көңүл кош кызматкерлерди кармабаңыз

Компанияны өнүктүрүүгө кызыкдар эмес кызматкерлерди  кармабагыла. “Көп жылдан бери иштейт, кет деп кантип айтам” деп жүрө берсеңиз ага да, уюмуңузга дагы зыяны тиет. Мүмкүн  ал адамда башка жерде өсүү мүмкүнчүлүгү бар. Алгач эмне себептен өзүнө тиешелүү жумуштарды аткарбай жатканын сураңыз. Балким анын таланты башка багытта, ал эми сиз ага ылайык келбеген жумуштарды берип жатасыз. Себебин билиңиз, эч эле болбой жатса кызматтан бошотуңуз.

Кызмат ордуңуздан көтөрүлсөңүз, алгач эле командаңыз менен сүйлөшүп алыңыз. “Буга чейин бир коллектив элек, эми мен командабыздын жыйынтыктарына жооп берем. Жылдыз болуп кеттим дебейм, болгону ролубуз өзгөрдү” десеңиз болот.  

Жетекчи болом деп максат койбогула

Жетекчи болом деп алдыга максат коюп албагыла. Жетекчи эмес кесипкөй болууну көздөңүз. Өз ишиңизди мыкты деңгээлде аткара берсеңиз, кызмат ордуңуздан көтөрүлөсүз. Жасаган жумушуңуз сизди шыктандырып, дем күч берип турушу керек.

Баарыбызда бирдей мүмкүнчүлүк бар

Кээ бирөөнү карасаң, аларга ийгилик жылмайгандай көрүнөт. Бирок баарыбыздын дараметибиз бир. Болгону алар эмне менен алектенүү керектигин билишет. Сиз дагы издениңиз, өзүңүзгө жаккан нерсени табыңыз. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы.  Качан гана өзүңуз жактырган нерсени тапканда, ийгиликти багынтасыз.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Таттыгүл Агыбаева

Таттыгүл Агыбаева, лор: "Гайморит - сасык тумоодон башталат"

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.