Жолдошум менден көп жашка улуу, ошондуктанбы айтор, аны менен көп нерселерди ачык айтып, сүйлөшө албайм. Мисалы пикирибиз келишпей, нааразы болуп турганда ичимдеги оюмду айта албай калам.
Азыр сүйлөшөм, жок, анан сүйлөшөм, телефондон чалып эле айтам, — деп батына албай жүрө берем. Ичимен кыжалат болуп, жинденем. Акыры СМС жазып, айтчумду айтып, отуруп калам.
Бул нерсе жолдошума жакпайт. СМС жазбай, отуруп сүйлөш, өзүмө айт, дейт. Мындай жасаганым мага да жакпайт. Канча аракет кылсам да, эч нерсе айта албай таарынып кала берем.
Эмне кылышым керек? Психологдон кеңеш алып бергилечи, сураныч?







