AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Мына

“Мына, сенин атаң бизди таштап, башкага кетип калды!”

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Азыркы учурда балдарын жалгыз бой тарбиялап келген ата-энелер көп. Кантип ушул балдарга ата-энесинин бирөөсү жоктугунун туура түшүндүрүү керектигин балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт Айгүл Камалова айтып берет. 

Бала менен баарлашуудагы эң негизги принцип — чындыкты айтуу. Себеби көп учурда атасы кетип калган же түрмөдө отурган, багып алган балдарга терс таасир тийбесин деген ой менен ар кандай калптарды айтып коюшат. Кыргызда “Кыңыр иш, кырк жылда билинет” деген жакшы сөз бар. Бала чындыкты билгенден кийин кечиримсиз жагдай болуп калышы мүмкүн. Бала атасынын же апасынын жоктугун өзүнө сүйүү, мээрим, колдоо жетпеген учурда сурап калат. Эгер мунун баары балага жетип турса сурабайт. Кандай кылуу керек? 

Каза болуп калса

Бала үч жаштан баштап жашоодо кандайдыр бир өзгөрүүлөр болоорун түшүнүп, ордун биле баштайт. Эгер атасы каза болуп калса, ачык айтыңыз. «Тигил жакка кетип калды, алыста» деген туура эмес. Эмне болуп каза болгонун (ооруп, авария, өлтүрүп кетти) жашырбаңыз. Болгон чындыкты айтып бериңиз.

“Иий, мен кантип багам, сураса эмне дейм, атасыз же апасыз тарбияланып калса эмне болот” сыяктуу ойлордун ордуна, “Мен толук кандуу тарбия бере алам, чындыкты айтам” деген ойлор болушу керек.

Башка үй-бүлө күтүп кетсе

Эгер атасы же апасы башка үй-бүлө күтүп кетсе, сиздин милдет чындыкты түшүндүрүү. “Мына, сенин атаң бизди жаман көрүп башкага кетип калды же сенин апаң жаман” деген сөздөрдөн алыс болуңуз. Эч качан терс баа берүүчү сөздөрдү колдонбоңуз. Атасы же апасы кетип калган учурда деле жаман көргөнүн кетип калган жок да, туурабы. “Атаң экөөбүздүн мамилебиз келишпей калды. Ушундай чечим кабыл алдык. Биз сени баары бир жакшы көрөбүз, биздин эки бөлөк болгонубуз, сага болгон сүйүүбүздү чектеп койбойт” десеңиз болот. Баланы ортого салып алып маселени чечкен болбойт. Балаңыз жаман жүрүм-турумга ээ болуп калбасын десеңиз, анын көзүнчө “Таап алган катыныңа же эриңе кет” дебей, эки жаат баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүү керек.

Ата-энесинин бирөөсү жок болсо

Бала белгилүү бир себептерден улам, айталы, бала никесиз төрөлсө, көптөр аларга ата-энесинин жогун калпты аралаштырып айтат. Мисалы, атаң бай же генерал болчу деген сыяктуу. Бул туура эмес. Кийин ал чындыкты билип, энесине ишенбей калат. Андыктан балага болгонун болгондой кылып айтып бериңиз.

Чындыкты кайра-кайра айтып кереги жок. Бала муктаж болгон суроосуна жоопту бир жолу алуу менен эстеп калат. 

Түрмөдө олтурса

Мисалы, атасы түрмөдө болсо “Сенин атаң түрмөдө. Мыйзам бузган. Ал жаңылышып калды” десе, бала дагы кийин өзүнүн жаңылышып калышы мүмкүн экендигин билет. Ар бир адам жаңылат. Бирок, жаңылгандан кийин туура жолго түшүү адамдагы эң чоң сапат. Калпты айткыча чындыкты айткыла. Бул дүйнөнүн идеалдуу эмес экенин билгендей, жаңылышты жеңе тургандай кылып тарбиялаңыз!

Ата-энеде  “Сен үчүн турмуш курдум” деген ой пайда болбошу керек. Өзүңүзгө үй бүлө керек болсо, никеге туруңуз. Бала үчүн кылганыңыз туура эмес. “Сен үчүн күнү-түнү иштейм” деген сөз балага башкалардан кемсиң дегенди билдирет.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын журтум баламды көрсөтпөй жатат

Кайын журтум баламды көрсөтпөй жатат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.