AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Музыкант болуу оңой эмес

Музыкант болуу оңой эмес

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Музыкант болуу көп эмгекти талап кылган чоң түйшүк. Бул жолду тандаган соң ага өзүңдү бүтүндөй арноого туура келет. КР Эл артисти, композитор, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, музыкант болгусу келгендер үчүн кеңешин берип, тажрыйбасы менен бөлүшүп өттү.

  • Музыка таланттарды сүйөт

Музыка-кол жеткис бийик, кармап көрүүгө мүмкүн болбогон ыйык нерсе. Мага кичинемден музыка эмне экенин сөз менен эч ким түшүндүрбөсө дагы ички дүйнөм, жүрөгүм менен сезчүмүн. Мен айтайын дегеним кичинеңден музыкага дилгириң болуп, кудайдан жүрөгүңө данек ташталса анда сөзсүз өзүңдөн-өзүң эле умтуласың. Эгерде музыкалык кесипке эч кандай көңүлү жок, музыкант болуп эмне кылат элем деген, кудайдан данек ташталбаган, кулагын аюу тебелеп кеткен адам болсо, анда музыкага барбай эле койгону жакшы. Бирок айрым таланты жок болгондор дагы талпынып, ырдайм деп аракет кылат. Ритими жок, бирок үнү кудайдан укмуш берилип калчу болсо, ритимин эмгектенип жасап алса болот.

  • Эр жүрөк бол

Ата-эне балага эч качан жамандык каалабайт. Ушул кызым, уулум, эл тааныган Болот Миңжылкыевдей, Калый Молдобасановдой өссө же болбосо атактуу эстрада ырчысы, комузчу, скрипач болсо деп тилейт. Ошол себептен кичинекей балдарын сүрөт ийримдерине, музыкага, бийге берет. Ошону бала өздөштүрүп кетсе анда ага даңк. Мен бир мисал айтайын. Айылдан келген, уй, кой кайтарып жүрүп өскөн баланын үнү сейрек кездешүүчү бас дейли. Тегерек-чекедегилери ой үнүң укмуш экен ушуну биз өстүрөлү деп, Күрөңкеев же Абдраев мектебине алып барышса, ата-энеси “ой койсоңчу сен опера ырчысы болуп бакырып эмне кыласың. Андан көрө айылга келип бухгалтер же айыл өкмөтү болуп бизди бакканың жакшы болот” десе ата-энелер жаңылышат.

Мына менин ата-энем дагы ошондой болгон. Кичинемде мени айылдан жибербей, шаарды көздөй кетем деп чоң апам менен сүйлөшүп алсам, өзүмдүн атам, апам “о кокуй бул балабыздан бир нерсе чыгат аябай тың, жок дегенде бухгалтер же аграном болоор” деген экен. Мен чоң апама ата-энемди көндүр болбосо качып кетем деп ыйлап туруп алдым. Ошентип, 8ди бүтүп-бүтпөй апамдын жардамы менен шаарга качып кеттим. Ошондо мени күчкө салып алып калышса менден композитор чыкпай, сүйгөн кесибим музыкага жетпей калмакмын. Мынакей анык бактымды издеп, өзүм бардыгына жетүү үчүн үйдөн качтым. Бул жерден чар-тараптан талантың жок болсо анда балким чыга албай дагы каласың.

  • Күчтүү мугалим таланттарды чыгарат

Окурмандардын, бийликтегилердин кулагына күмүш сырга. Мен 3-4 класста мектепте окуп жүргөндө, ошол маалдын өкмөтү айылга үч жаш мугалим жиберди. Бири баянист Асанкан агай. Баягы жапайы түрдө жаттап эмес, кадимки нота менен үйрөткөн мугалим. Мектепте, айылда ыр, хор уюштуруп маданият жагын колго алды. Экинчиси ийини чоң, укмуштудай жигит физкультурист Керимбек агай. Ал чуркатып, секиртти. Эртең менен саат 7де барып, катарга туруп 15 мүнөттүк көнүгүүлөрүдү жасайбыз. Спорт жагын колго алды. Үчүнчү мугалим жапжаш орус кыз орусча окутуп, үйрөттү. Үчөө совхозго жаңычылык алып келди. Көп болсо 100 түтүн болгон бир айылдан эле спорттун үч мастери, академиктер, 2 эл артисти чыкты. Баары үч мугалимдин үзүрү. Мен үч мисал эле келтирдим, айтылбагыны дагы көп. Андыктан мугалимдер күчтүү болсо таланттар өзүнөн-өзү чыгат.

  • Мыкты музыкант болсоң, акча өзү келет

Бөлөк бир дагы мамлекетте биздикиндей оркестр жок. Биздин консерваториянын 3 чоң оркестри мамлекеттик болуп дагы эсептелинет. Баягы эле айлык акы аз деп жатышпайбы. Айлык аз эмес, ошого дагы кайыл таланттар канчалык кыйынчылык менен окуп, иштеп жатышат. Биздин студенттер жакшы музыкант болсо, үч оркестрдин бирине келип ойноп айлык алышат. Жакшы музыкант болсоң, өз кесибиңди мыкты билсең, айлыгың эки эсе көтөрүлөт. Мына ошол акчаны биздин мугалимдер алышат. Жыргап жатышат деп айта албайм, бирок үй-бүлөсүн багып, кадимки адамдай жашаса болот.

  • Билими жок музыкант боло албайсың

Бир скрипачты же виолончелистти даярдоо үчүн 20 жыл жөн эле кетет. Бул убакытка азыркы жаштар чыдай албай, бир-эки жылда эле жылдыз болгусу келет. Музыкалык билим алмайын көп болсо 5 жыл жылдыз болот. Аттарын айтпай эле коеюн, белгилүү ырчылар “агай сизде окубасам болбой калды” деп келип окуп кетишти. Билими, таланты жок болсо, нотаны тааныбаса эч качан алдыга жыла албайт. Азыр базарда отурганы деле келип ырдай берген жапайы концерттер токтоду. Баары билим алууга аракет кылып жатат. Бул мени кубантат.

Бир көйгөйдү айтып кетейин, акыркы кезде мамлекетибиздеги кээ бир элчиликтер акырын келип музыкалык окуу жайлардын мугалимдери менен байланыш түзүп, сүйлөшүп алып, талантуу балдарыбыздын кулагына шыбырап, өз өлкөлөрүнө тартып кетишүүдө. “Кыргызстанда эмне кыласыңар, айлык аз, музыканттарды баалабайт” деп алдап алып кетип, ал жактан майда-чүйдө музыка факультеттерине тапшыртып, келечегине балта чаап жатышат . Иши оңунан чыкпаган соң баарын түшүнгөн балдарыбыз, ал жактан окууга өтө албай калгандан кийин, алданганын сезип кайра бизге келишүүдө.

Интеллигент бол

Ар бир нерсенин өзүнүн индивидуалдуу орду болот. Жалпы жолунан интеллигентцияны исскуство адамдары түзөт. Чыгармачыл адамдар ушуну туура түшүнсө. Дайым түз, таза жана сулуу жүрсө. Сулуу дегеним кийими, чачынан тышкары, баскан изи, турган турпаты менен башкаларга үлгү болуу. Көчөдө түкүрүп, чемичке чагып турса жакшы эмес. Ар бир жаш ырчы же инструменталист болсун сөзсүз чар-тараптуу болуп, көп нерсени билип, түз жүрүп, үлгү болууга аракеттенсин. Өзүн жакшы тараптан көрсөтсө гана музыкант болот алат.

  • Убакытты туура пайдалан

Музыкант болуу үчүн убакыт деген нерсе маанилүү. Кичинекейинен окуп калбаса, убакытты өткөрүп жиберсе кийин музыкант болбой деле калат. Музыка адамдары баары кымындайынан баштап окугандар. Ал эми шоуга 60 да келип, ырдай берсе болот. Шоу убактылуу нерсе, акча тапкандан кийин кетип калышат. Андыктан ар бир несренин өз убактысы болот. Менин оюмча азыр эң бир сонун жолдор ачылган. Ата-энелерге айтаарым, баласынын же кызынын талантын байкаса кичинесинен баштап окутушсун. Музыка адамы болуу үчүн көп эмгек талап кылынат. Биз дүйнөгө шоу менен эмес, классикалык музыка менен гана мактана алабыз. Музыкага көбүрөөк көңүл бурсак, мамлекетибиздин келечеги кең болот.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Канткенде "ушак" айтууну токтотом?

Канткенде "ушак" айтууну токтотом?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.