AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мүнөздү кантип өзгөртсө болот? Практикалык кеңештер

Мүнөздү кантип өзгөртсө болот? Практикалык кеңештер

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Мүнөздү өзгөртсө болобу? Бул көпчүлүктү кызыктырган суроо. Эгерде кеп башка адам жөнүндө болсо, анда анын макулдугусуз мүнөздү өзгөртүү дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми өзүбүз өзгөрткүбүз келсе, албетте, болот. Эң башкысы – аракет. Бул тууралуу психолог Нуриза Батырбекова менен маектештик. Түз эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

— Кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурун, өзүңүздү, жүрүм -турумуңузду жана курчап турган айлана-чөйрөңүздү жакшылап анализдеп чыгыңыз. Кайсы мүнөзүңүздү өзгөрткүңүз келет аныктаңыз.

— Негизинен бардык нерсенин терс жана оң тарабы болот. Биз болсо жаман тарабын гана байкаганга көнүп калганбыз. Мисалы, көк беттикти алалы. Бул мүнөздүн жакшы тарабы – максатка жетүүгө керек болгон эң негизги сапаттардын бири. Сиз дагы эки тарабын көргөнгө умтулуңуз.

— Жакшы жана жаман деген мүнөз жок. Баардык нерсени өзүңүз гана белгилейсиз. Мисалы, бул мүнөзүм кайсы учурда пайда алып келет, ал эми кайсы учурда зыянга учуратат дегендей анализ жүргүзүңүз. Кийин анын жыйынтыгына карата иш алып барыңыз.

— Мүнөздү өзгөртүүдөн мурун жоопкерчилик алганды үйрөнүңүз. Себеби өзүңө жоопкерчилик алганга караганда бирөөлөрдү күнөөлөгөн оңой. Бирок, бул нерсе жакшы жыйынтыкка алып барбайт.

Ар бир адам өз жашоосун өзгөрткөнгө күчү жетет экенин унутпаңыз. Болгону талыкпай аракет кылуу керек.

— Дароо чоң нерседен баштоонун кереги жок. Алгач максат коюңуз, аларды майда бөлүктөргө бөлүңүз. Эң негизгиси туруктуулук экенин билиңиз.

— Алгач өзүңүзгө-өзүңүз суроо берүүдөн баштаңыз. Кайсы мүнөзүңүздү өзгөртүү керектигин чечиңиз жана эмне үчүн экенин аныктаңыз? Эмне үчүн күрөшүп жатканыңызды так билип алсаңыз, өзүңүзгө бир топ жеңил болот.

— Жаңы нерсени үйрөнгөн сайын мүнөзүңүздү калыптандырасыз. Бул принципти жеке жашооңузда жана ишиңизде колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Ар дайым алдыга умтулуңуз.

— Өзүңүздү колдоп, дем берүүнү унутпаңыз. Кичинекей ийгилик болсо дагы өзүңүздү мактаңыз, өзүңүзгө комплименттерди айтып, сыйлык бериңиз, мисалы, татуу алып жеп же бир буюм сатып алы дегендей. Бул сиз каалаган натыйжага тезирээк жетүүгө жардам берет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Түндө ойгонуп жанымда жаткан күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим

Түндө ойгонуп жанымда жаткан күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.