AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мугалим кемсинтүүлөргө чыдай албады. Ал баарын чогултуп

Мугалим кемсинтүүлөргө чыдай албады. Ал баарын чогултуп, бычагын алып чыкты…

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Мектептен көпчүлүктөн айырмаланып турган балдар, классташтарынын мазактоо курмандыгына айланышат. ​​Мугалимдер менен ата-энелер шылдыңдоону бир аз гана убакытка токтото алгандыктан, мындай окуучулар дээрлик эч кимден жардам күтө алышпайт.

Жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн, балдарды ичинен  өзгөртүп, кичинекей кезинен боорукердикке жана берешендикке үйрөтүү зарыл. Бир мугалим социалдык тармакка өзүнүн өзгөчө тажрыйбасы менен бөлүштү:

«Жумушка бара жатып, дүкөнгө кирип, эки алма алдым. Класстык саатта  балдар менен тегеректешип олтурдук. Андан кийин аларга эки алманы көрсөтүп, айырмачылыктарын табууну сурандым. Чындыгында айырмачылыктар болгон эмес – экөө тең  бирдей өлчөмдө, түстө болчу. Бир алма  кичине эле кубарган болбосо, олуттуу өзгөчөлүктөрү жок эле. Балдар унчукпай калышты.

Мен, кичирээк алманы алып, аны жийиркене карап, мындай дедим: «Фууу, кандай гана жийиркеничтүү алма! «Анан аны жерге ыргыттым.  Балдарым мени мээси айныган кишидей карап калышты! Кээ бирөөсү күлүп жиберди, көпчүлүгү жөн гана алайып олтурушту. Балким, алар мугалимибиз жинди деп ойлоду!

Мен,  байкуш алманы полдон алып,  жанымда отурган окуучуга сунуп: «Бери кара, бул акылсыз алма, сага дагы ушундай көрүнүп жатабы?! Муну бир нерсе деп атап, полго ыргытып жибер!” Бала баш ийип,  көрсөтмөлөрүмдү аткарды. «Эми айлампа боюнча узат, баары ага бирден жаман сөз айтышсын дагы,  жерге ыргытып жиберишсин!» — дедим.

Балдар, берилип кетишти. Алмага акарат кылууга креатив жетиштүү эле болду: «Сен жийиркеничтүүсүң, мен сени көргүм келбейт! Сенин сабың өтө кыска! Түсүң — коркунучтуу! Ичиңдин баары курт! Фу! » ж.б. Мөмөгө боорум ооруп, аны сактап калуу  жөнүндө ойлоно баштадым.

Алма айланып мага келгенде, аны өз ордуна, экинчи алманын жанына коюп, кайра балдардан айырмачылыктарды табууну сурандым. Алар дагы жооп бере алган жок. Балдар канчалык алманы жерге ыргытканы менен, тышы көрүнүктүү зыянга учураган эмес эле.

Мен бычакты алып чыгып, полго ыргытылбаган алманы экиге бөлдүм. Албетте анын ичи сонун көрүнүп турду, балдар бир тамшанып алышты. Вау…Ах…Эх.

Анан биздин курмандыгыбыз болгон, жерге бир нече ирет урулган экинчи алманы ошондой эле кылып экиге кестим. Биздин соккубуздан ичинин баары күрөң тартып, көгөрүп чыгыптыр. Албетте, аны эч ким жегиси келген жок – ал жийиркеничтүү көрүнүп турду. «Фу! Абдан жийиркеничтүү! Мага бул алма кереги жок! «- балдар ушинтип жатты.

Мен аларды таң калып карадым дагы: «Биз бул алманы ушул акыбалга алып келген жокпузбу?! Ал катуу сабалып жана коркунучтуу көрүнүп калуусуна биз күнөөлүү эмеспи? Эмне үчүн эми аны жегенге болбойт, м?» Жымжырт…..Бир саамга турдум дагы, мындай дедим: “ Балдар, элдер менен дагы ушундай болот.

Бирөөнү шылдыңдап, уят кылып, мазактасак, биз аларды ушул алма сыяктуу жерге ыргытабыз. Албетте, сыртынан алардын жараларын көрө албайбыз. Ишенип койгула,  жаман сөздөр аларды ичинен бузат. Биз адамдарды ичинен өлтүрөбүз. Мына минтип!- мен аларга алманы көрсөттүм. Биз бири-бирибизди полго ыргытууну токтотушубуз керек.»

Менин балдарыма, мурун эч качан бир нерсе ушунчалык тез жеткен эмес! Баары өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, үстүнөн мазактап жатканда кандай оор акыбалда болгондорун айтышты. Баарыбыз бир сыйра ыйлап алдык. Сабактан кийин, бири-бирибиз менен кучакташа баштадык. Оюмду толук жеткире алгандыгым үчүн, мен ушунчалык бактылуумун! «

Кээде балдарга жана өспүрүмдөргө башкалардын кайгысын түшүнүү кыйын болушу мүмкүн. Чоң кишилер  аларга сөзсүз жардам көрсөтүшү керек!

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
«Кедей экениңди билсем үйлөнмөк эмесмин». Альфонско алданган кыздын окуясы

«Кедей экениңди билсем үйлөнмөк эмесмин». Альфонско алданган кыздын окуясы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.