Молочницаны чакырган кандидоз грибогу ар бир адамдын организминде белгилүү өлчөмдө кездешет
Молочница — иммунитет төмөндөгөндө, антибиотиктерди көп колдонгондо пайда болот. Кош бойлуу кезде жана өспүрүм кыздарда гормондун өзгөрүүсүнөн да көбөйүшү мүмкүн.
Белгилери:
- Быштак сымал вагиналдык суюктук бөлүнүп чыга баштайт
- Жыныс органынын сырты кызарып, шишип, сезгенип жана кычышат
- Заара чыгарууда, жыныстык катнашта ыңгайсыздык жаратып оорутат.
Эмне кылуу керек?
- Жылына эки жолу дарыгерге көрүнүү
- Кездемеден тигилген ич кийимдерди кийүү
- Денеге жабышкан синтетика кийимдерден алыс болуу
- Айран, йогурт ичүү.
Эч убакта өз алдынча дарылабагыла. Биринчи белгилери байкалса, дароо дарыгерге кайрылгыла!







