AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мобилизация жана анын кыргыздарга таасири

Мобилизация жана анын кыргыздарга таасири

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Мобилизация жана анын кыргыздарга таасири

Орусияда жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыяланды. Бул туурасында жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда кол койгонуну жарыялап, ал ошол замат күчүнө кирди. Мобилизация деген эмне жана ал кыргыз мигранттарга тарашы мүмкүнбү. Түшүндүрмө.

Мобилизация деген эмне?

Мобилизация — бул аскер кызматын өтөгөн жоокерлерди согуштун чыгышына байланыштуу кайта аскер кызматына чакыруу жана тынчтык убактардагы куралдуу күчтөрдү, эл чарбасын согуштук абалдагы шарттарга көчүрүү, которуу дегенди туюндурат. Расмий маалыматтарда Россияда мобилизациялык иш-чаралар 21-сентябрда башталары, аскерге запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырылары, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрү айтылды. Путиндин мобилизация буйругу күчүнө кирип кирбей орусиялыктар военкоматтан чакыруу ала башташты. Коргоо министрлиги 300 миң запастагы аскерлер милдеттүү экенин билдирди. Мобилизацияга биринчи кезекте 35 жашка чейинки жоокерлер, старшиналар жана прапорщиктер жана 45 жашка чейинки кенже офицерлер тартылышы мүмкүн. Россия тарыхта ушуну менен үчүнчү жолу мобилизация жарыялап жатат:1914-жыл, 18-июль, 1941-жыл, 23-июнь, 2022-жыл, 21-сентябрь. Орусиялык белгилүү саясат таануучу Екатерина Шульман жарым-жартылай мобилизация чындыгында жарым-жартылай эмес деди:

“Президенттин жарыяланган жарлыгында мобилизация жарым-жартылай деп аталат, бирок анын бир дагы параметри — аймактык да, категориялык да — көрсөтүлгөн эмес. Бул текстке ылайык, аскердик-өнөр жай комплексинин кызматкерлеринен башка бардык адамдар чакырыла алат. Мобилизация запастагыларга жана кандайдыр бир атайын адистиги барларга гана тиешелүү экени айтылган сөз жүзүндө гана айтылып, бирок ал жарлыкта жазылган эмес”, — Екатерина Шульман, саясат таануучу.

Ал арада…

Мамлекеттик дума Россияны кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктап, согушка баруудан баш тартып мобилизациядан качкандардын жазасын күчөтүп, туткунга өз ыктыяры менен өтүп кеткендерге, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктады. Россиянын жаңы Кылмыш Кодексинде согушка катышуудан баш тарткан жарандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ал эми согуш талаасынан качкандарды он жылга дейре түрмөгө кессе болот. Ага кошумча, Орусия жарым-жартылай мобилизацияга дуушар болгон жарандар үчүн чек аралар жабылышы мүмкүн деген маалымат тарады. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул суроого так жооп берүүдөн баш тартып: «Учурдагы мыйзамда бул боюнча ар кандай жоболор бар экенин билесиздер, бир аз сабыр кылалы, бул маселе боюнча тактоо иштери болот», — деди.

А кыргыз мигранттар кантет?

21-сентябрда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги  Россиядагы жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камала турганын эске салды. Эгер Орусиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин сунуштады. Мобилизация жарыяланаардан бир күн мурун Мамлекеттик дума Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында бир жылдан кем эмес кызмат өтөгөн чет элдик жарандарга орус жарандыгы автоматтуу түрдө берүү мыйзамнын кабыл алган. Ал арада Москванын мэри Сергей Собянин Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн мигранттарды жалдоосү үчүн болушунча шарт түзүп берерин билдирди. Мисалы, «Сахарово» миграциялык борбордо мигранттарды аскердик кызматка кабыл алуу үчүн атайын инфраструктура уюштурулат. Орусиялык журналист Екатерина Винокурова, Собянин москвалыктары аскерге баруудан сактап калуу аракетин көрүп жатат жана ага мен ыраазымын, деп өзүнүн Фейсбук баракчасында ачык эле жазды.

Орус жарандыгын алган кыргыздарчы?

Соңку расмий маалыматтар боюнча, бир миллиондон ашуун кыргызстандыктар Россияда эмгек миграцияда. Булардын бир тобу Россиядагы жашоосун жеңилдетүү үчүн орус жарандыгын алууга аргасыз болгон. Анын үстүнө Россия соңку жылдары “мать капитал” (бала төрөлгөндө берилүүчү акчалай колдоо) өңдүү бонустар менен мигранттарды орус жарандыгын алууга кызыктырып келген. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматында орус жарандыгын алган кыргызстандыктар тууралуу так маалымат жок. Бейрасмий маалыматтар боюнча 500-600 миңдей кыргызстандык орус паспортун алган. Негизги бөлүгү — эмгекке жарамдуу жана аскер курагындагы адамдар.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Фейсбук баракчасына Кыргызстан мигранттар үчүн гарант болушу керек деп жазды:

“Кыргызстан кыргызстандыктар үчүн ГАРАНТ болуушу маанилүү! Кыргызстандын ар бир жараны өз өлкөсүнө кайтып келгенге колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын жарандыгына кайтуу процедурасын мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү керек.  Россиянын жарандыгын алган кыргызстандык эркектер (жардыктын талаптарына жооп берсе) аскерге чакырыла алышат. Алар Кыргызстандын жарандыгын кайтарып алууга, орус жарандыгынан чыгууга укуктуу. Анда Орусия чет элдик жаранды Орусиянын аймагында кармай албайт. Жогорку Кеңешке: Кыргызстандын жарандыгына кайтып келүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу зарыл (Россияда жүргөн кыргызстандыктарга карата). Президентке: Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин ишин күчөтүү жана Кыргызстандын жарандыгын калыбына келтирүү, мекенине кайтаруу боюнча кыргызстандыктардын кайрылууларын колдоо зарыл. Орусиядагы кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча Ички иштер министрлигинин ишин күчөтүү”, — Таттуубүбү Эргешбаева, юрист.

Орусиядан келген мигранттардын чөйрөсүндөгү укук коргоочу Валентина Чупик учурда Орусияда жүргөн бардык эмгек мигранттарын дароо өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырууда.

«Урматтуу орусиялык тууганы бар же акылсыздык менен Орусиянын жарандыгын алган мигранттар, дароо качып кеткиле! Башка мигранттарга да кетүүгө кеңеш берем, анткени, биринчиден, аларды «ыктыярдуу аскердик кызматка» келишим түзүүгө мажбурлашат; согушка мажбур болушу мүмкүн. Аскерге чакырлбагандары болсо армиянын муктаждыктары үчүн бекер же өтө аз акчага иштөөгө аргасыз болушат. Же окко учасың, же кул болуп калуу коркунучу бар. Бул жерден кеткиле, эртең кеч болуп калышы мүмкүн!» — Валентина Чупик, укук коргоочу.

Путин эмне үчүн мобилизацияга барды?

Орус президенити Путин Украинага жаңы согуш ачканда, эч кандай моблизация болбойт. Профессинал армиянын күчтүү жетиштүү, дып дымактуу билдирген. Жарым жылдан бери Украинанын аймактарын басып алуу араукетин көрүп жаткан орус армиясы соңку кездери алсырап, сентябрь айынын башынан тарта Украина Орусия басып алган аймактарды контрчабуул менен кайтарып ала баштады. Россия согушта утула баштаганы Симоньян, Соловьев, Кисилеев сыяктуу Кремль пропогандачыларынын маанайынан дагы байкалууда. Мисалы, согуштун башталышында «Киевди үч күндө алабыз» деген Симоньян соңку күндөрү риторикасын өзгөртүп «орус-украин» ынтымагы жөнүндө сүйлөп калды. Мобилизация коркунучу көптөр бери эле айтылып келген. Бирок көпчүлүк орусяилыктар ишенбегенге аракет кылышкан. Ал турсун бир далайы ачык эле согушту колдоп келген. Эми согуштун азабы түздөн түз жеткен орус жарандары жан далбастап кача баштады. Мисалы, мобилизация жарыяланаары менее Москва-Бишкек каттамы боюнча бир тарапка  авиа билет баасы 110 миң сомго чейин чыгып кеткен.

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Малина тоңдуруп киреше тапкан ишкердин ийгилик сыры

Малина тоңдуруп киреше тапкан ишкердин ийгилик сыры

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.