AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтын анализдейбиз

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтын анализдейбиз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Kaktus.media мамлекеттик органдардын маалыматтарына жеткиликтүүлүктүн алкагында ММК фондунун сайтын анализдеп чыкты. 

Колдонуучулар эмнеге кызыгышат?

  • Функциялар, ыйгарым укуктар.
  • Ар кандай категориялар үчүн кандай кызматтар акысыз.
  • Ар кандай категориялар боюнча баалары көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардын тизмеси.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы социалдык чегерүүлөрдөн кандайча байланыштуу.
  • Буга чейин канча чегерүүлөрдү төлөдүм, бул суммага кандай кызматтарды акысыз жаба алам?
  • Биздин салыктар аркылуу саламаттыкты сактоонун каржылоо схемасы кандай?

Сайтта эмне бар?

Негизги меню көпчүлүк жарандар үчүн кайрылууларга арналган «Суроо берүү» электрондук формадан тышкары анчалык деле кызыктуу эмес бөлүмдөрдү камтыйт. Кийинки жумада жарандардын кайрылуулары боюнча жооптор камтылган мамлекеттик органдардын сайттарындагы иштер кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө кененирээк маалымат беребиз.

«Документтер» бөлүмүндөгү кошумча барактардын көпчүлүгү медициналык мекемелерге керек. Кимдир бирөө ордун толтуруучу дары-дармектер боюнча көрсөтмөгө муктаж болушу мүмкүн. Бир гана дары сатып алууда өзүңдүн чегерүүлөрүңдүн эсебинен бул компенсацияны кантип алуу керектиги белгисиз (балким, бул ооруканаларда гана иштейт).

Бөлүмдүн кошумча барагында «ММК полиси» өтмөгү бар. Жакшылап карасаң, «кошумча төлөмдөрдүн жеңилдетилген деңгээли» деген сөз боюнча гипершилтеме бар, бирок ал иштебейт.

Ошол эле учурда, дарыканалардын даректери «Документтер» бөлүмүндө жүрөт,  колдонуучулар аларды ушул жерден издөө керек экенин билишпесе деле керек.

«Иш-чаралар» бөлүмүндө көпчүлүккө белгисиз болгон ММК Фондунун төрагасынын эскирген пландары (2018-жылдан бери ММК Фондунун башчысынын пландары жок) жана «Оценка ОЗ по ФОР» бөлүмчөсү камтылган.

ММК фондунда аналитикалар анча деле көп эмес -1000 тургунду ооруканага жаткыруу боюнча таблица (2014-2017-жылдарга карата маалыматтар) жана тирүү төрөлгөндөрдүн саны.

«Кайрылуулар» бөлүмүндө 2016 жана 2017-жылдары жарыяланган суроолор жана жооптор камтылган.

 «ММК статусу» бөлүмүндө гипершилтемелер ачылбайт. Бирок, ИННиңди жазып, камсыздандырылгансыңбы же жокпу көрсөң болот. 

Сол тилкеде башкы бетте көптөгөн кошумча барактар бар, айрым маалыматтар башкы менюдагы бөлүмчөлөрдөгүдөй. Мындан тышкары, ММК Фондунун бюджети, фонддун пландары, өнүгүү стратегиялары, жеңилдетилген гемодиализ үчүн медициналык борборлордун тизмеси жана башкалар ушул жерде жайгаштырылган.

Ошол эле жерде милдеттүү медициналык камсыздандыруу калькулятору бар. Эгерде ИННиң менен кирсең, анда медициналык камсыздандыруу үчүн айлыгыңдан канча кармалып калаары, эмнеге укуктуу экениң жөнүндө маалымат алсаң болчудай. Мамлекеттик ооруканаларга барбай, жеке клиникалардагы кызматтарды төлөө үчүн бул каражаттарды кантип колдонууну билгиси келгендер бардыр. Бирок мындай маалымат жок, жана калькулятор туура иштебейт.

Жалпысынан, сайтта көптөгөн маалыматтар бар, бирок карапайым адамга түшүнүксүз.

Сайтта эмне жетишпейт?

Колдонуучунун негизги суроолоруна жооп жана ыңгайлуу түзүм жок. Жарандын медициналык камсыздандырууга канча салык салганын, бул сумманы кантип сарптай алаарын жана эмнеге укуктуу экендигин түшүнүү үчүн калькулятор жок. Калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн камсыздандыруу эмнени камтыйт, эмнени камтыбайт, кандай өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт, кайсы мамлекеттик программаларга ишенсе болот, жеткиликтүү түрдө түшүндүрүп бере турган бөлүм керек.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына, активисттерге жана бейөкмөт уюмдарга канча акча түшкөндүгү, ал канчага жана кандайча жумшалгандыгы, кызматтарды канча адам алгандыгы жана кандай кызматтарды көрсөткөндүгү жөнүндө машинада окула турган статистика керек. Бул үчүн визуалдык блокту иштеп чыкса болот, ал жерде канча акча бар экендигин, канча каражат сарпталгандыгын, канча адам кызмат алганын ж.б.у.с. көрсөтүлөт.

Ошондой эле, керектүү маалыматтарды киргизип, кайсы мамлекеттик программаларга ишенүүгө укугуң бар экендиги жөнүндө жооп ала турган электрондук форманы иштеп чыгуу керек.

ММКнын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мэрдин гана сүрөттөрү менен жаңылыктары. Ош шаарынын сайтында эмнелер жок

Мэрдин гана сүрөттөрү менен жаңылыктары. Ош шаарынын сайтында эмнелер жок

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.