AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин (ОМС) эмне кереги бар?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин (ОМС) эмне кереги бар?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкы адиси Абдылдаев Жолдошбек жана адис Базарбаева Болотайым түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын суроолоруна жооп берди. 

ММК Полиси деген эмне?

ММК Полиси (ОМС) – жеңилдетилген медициналык кызмат алууга укук берген документ. Полистин ээси камсыздандырылган болуп эсептелет.

Кайдан алса болот?

ММК Полисин сатып алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же ММК фондунун аймактык башкармалыктарына кайрылып, паспорт көрсөтүп, арыз жазып, милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн төлөө керек. Полистин баасы 1200 сом, иштөө мөөнөтү ММКга төгүм төлөгөн күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет жана 12 айга жарактуу.

Жоготуп алса эмне кылуу керек?

ММК Полисин жоготуп алган учурда дарыгерге же ММК фондунун аймактык башкармалыгына арыз менен кайрыласыз. ММК Полисинин жуп нускасын алуу үчүн ММК фондунун аймактык башкармалыгынын кассасына 18 сом төлөйсүз. 

ММК фондунун ыкчам байланыш номуру — 113 (чалуу акысыз)

ММК Полиси бар адамда кандай артыкчылыктар пайда болот?

Камсыздандырылган жарандар үчүн жеңилдетилген медициналык кызматтар көрсөтүлөт:

— кечиктирилгис кырдаалдарда акысыз медикаменттик жардам;

— лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (кош төлөм 50%);

— базалык лабораториялык изилдөөлөр акысыз (кандын жалпы анализи; зааранын жалпы анализи жана кандын тунмасынын микроскопиясы; уретралдык жана вагиналдык мазоктун микроскопиясы; какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы); кандагы жана заарадагы канттын өлчөмүн аныктоо; ЭКГ);

— шашылыш жана пландуу ооруканага жаткырууда жолдомо болсо, кош төлөмдүн жеңилдетилген деңгээли;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесинин негизинде дары-дармек менен камсыз кылуу;

—  кымбат баалуу изилдөөлөрдөн башка лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (перифериялык тамырлардын, баш мээсинин жана ички органдардын тамырларынын ангиографиясы; жүрөк кемтигинде ангиокардиография; гемосорбция; гемодиализ; компьютердик томография; коронарография; плазмоферез; ядролук-магниттик-резонанстык томография; литотрипсия).

Ооруканага жаткырууда жолдомосу жок болсо, бейтаптардын каражатынын эсебинен төлөнөт.

Кененирээк маалымат ММК Фондунун расмий сайтында.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Банк бизнеске кантип жардам бере алат? Бектур Юсупов (Айыл Банк)

Банк бизнеске кантип жардам бере алат? Бектур Юсупов (Айыл Банк)

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.