Турмуш курганмын, кыздуу болгонбуз. Учурда чет жакта мигрант болуп иштеп жүрөбүз. Кичинекей кызымды сагынып, куса болуп бүттүм. Андан алыста жүрүп жашоого кызыгым жоктой. Кечке маанайым жок жүрөм, жолдошум менен урушуп, таарыныша кетебиз. Же кылган ишимен дайын жок.
Уктасам эле кызымды түш көрөм, түнү менен кыйналып чыгам. Эртең менен денемдин баары ооруп калат. Эс албай эле чарчап ойгоном. Эмне кылсам? Күйөөм жакшы, көңүлүмдү карайт. Бирок кээде ал да тажап кетет.
Кеңеш бергилечи?







