AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мэрдин гана сүрөттөрү менен жаңылыктары. Ош шаарынын сайтында эмнелер жок

Мэрдин гана сүрөттөрү менен жаңылыктары. Ош шаарынын сайтында эмнелер жок

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Kaktus.media Бишкек мэриясынын сайтында жарандар үчүн кандай пайдалуу маалыматтар бар экендигин анализдеп жатып, Ош шаардык муниципалитетинин oshcity.kg сайтын дагы карап көрүүнү чечти.

Жарандарга эмне керек?

  • Бош орундар.
  • Мэриянын пландарынын аткарылышы боюнча көрсөткүчтөр.
  • Калктын социалдык аялуу үй-бүлөлөрүнө жардам: социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн байланыштары, процедуралар ж.б.
  • Орус тилине толук котормосу.
  • Чыгымдар боюнча отчеттуулук: статьялар, суммалар, мөөнөттөр.

Сайтта эмне бар?

Ош шаардык мэриясынын сайтынын визуалдаштыруу жана мазмунуна караганда, эл Таалайбек Сарыбашев мэри экендигин унутпашы керек. Ошол эле учурда, ички баракчаларда комментарий калтыруу үчүн формат анча ыңгайлуу эмес, ал эми тексттин сол жагында социалдык тармактардын иконалары бар «слайдер» жылып турат.

Сайтта «Башкы бет», «Ош шаарым», «Шаардын жашоочулары», «Шаардын коноктору», «Инвестициялар», «Муниципалдык кызматтар» бөлүмдөрү бар, бирок алардын дээрлик бардыгы иштебейт жана бөлүмчөлөрү бош барактар.

Чындыгында, сайттын жаңылыктар түрмөгү гана актуалдуу. Калгандары же эскирген маалыматтар, же иштебеген бөлүмдөр. Эгер «Менин шаарым» бөлүмүнүн кошумча баракчаларын карап чыксаңыз, анда мэрия шаардын тарыхын дагы, эс алуучу жайларын дагы билбейт. Анткени 2015-жылдан бери ал жерде эч кандай иш-чаралар өткөрүлбөйт, мэрияда дагы пландар жок, ошондой эле коммуналдык кызматтардын тарифтери жана учурдагы телефондор жөнүндө дагы маалыматтар жок. Көп жылдан бери жаңыланбаган бул баракчалардын эмне кереги бар экени такыр белгисиз.

«Шаар тургундары» бөлүмүнө караганда, шаардык бийликтин шаардыктарга айта турган эч нерсеси жок. Бардык 14 бөлүм тең бош. Муниципалитет, сыягы, Ош шаарына коноктор келет деп күтпөйт, анткени тиешелүү бөлүмдө эч кандай маалымат жок. «Инвестициялар» бөлүмү бош. Бизнесмендер үчүн уруксат кагаздарын кантип алуу, кайда инвестиция жасоо түшүнүксүз. Колдонуучулар Ош шаарынын бюджети кандай, ал кандайча сарпталып жаткандыгын, мэриянын шаарды өнүктүрүү боюнча пландары бар же жок экендигин билишпейт.

Муниципалдык кызматтар бөлүмүндө мэрия кандай кызматтарды көрсөтөт деген токтом бар.

Шаардык мэрияга кайрылуу үчүн байланыш телефонун сайттан табуу мүмкүн эмес. Тезирээк жооп берген ыңгайсыз байланыш формасы жана Facebook баракчасына шилтеме бар.

Сайтта эмне жетишпейт?

Сайт толугу менен жаңыланууга жана реструктуризациялоого муктаж, анткени учурда колдонуучулар үчүн эч кандай пайдасы жок.

Сайтты жаңыртып жатканда калктын көпчүлүгү үчүн шаардын жашоосуна байланыштуу негизги жаңылыктардан кабардар болуп туруу маанилүү экендигин эске алуу керек. Ош шаарынын тургундары мэриянын бир жылга карата кандай планы бар экендигин түшүнүшү зарыл. 

Ишкерлер үчүн белгилүү бир иштин түрү үчүн мэриядан кандай уруксат кагаздары керектигин, муниципалдык жерди ижарага алуу же сатып алуу жолу кандай болоорун түшүнүү маанилүү.

Активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар үчүн жакынкы арада болуп өткөн окуялар жана иш-чаралар жөнүндө маалыматтар керек.

Туристтер үчүн шаардын кооз жерлери, сунуштар, кайсы жерлерге барууга болот, алардын иштөө убактысы, байланыш маалыматтары жана зыяратка чыгымдары менен таанышууга өзүнчө бөлүм керек.

Ош шаарынын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Дыйкандар үчүн Айыл чарба министрлигинин сайтында эмне бар? Анализ

Дыйкандар үчүн Айыл чарба министрлигинин сайтында эмне бар? Анализ

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.