
Саламатсызбы. Жолдошум экөөбүз баш кошконубузга 1,5 жыл болду. Жаңы үйлөнгөнүбүздө аны аябай кызганчу элем. Достору бир жумада бир жолугуп, түнкү 3-4кө чейин бильярд ойношчу. Мен алар менен жолукпа деп уруш чыгара берип, акыры барбай да калды.
Жакында жолдошумдун смсин окуп калдым. Азыр ал досторун чогулалы деп чакырат экен, бирок ар кимиси ар кайсы шылтоону айтып, андан кутулушат. Себеби, бардыгы күйөөмө тарынып калышкан.
Эми мен өзүмдү күнөлү сезип жатам. Ортодогу достук мамилелерин кантип ордуна келтирем? Эмне кылышым керек?






