Саламатсызбы! Мен машинамды айдап баратып каршы тарапка чыгып кетипмин. Каршы тарапта бир унаа өтө эле катуу келатыптыр, сүздү. Унаам жарабай калды. Тиги сүзгөн айдоочу «машинамды төлөп бересиң же башка жаңы алып бересиң»,- деди. Мен каршы болуп «мен чыккан учурда сен катуу келдиң, анчалык катуу келбесең мынчалык унаа талкаланбайт эле»,-деп айтып жатам. Менде да, ал кишиде да күнөө бар экенин мойнуна кое албай койдум. Кантип далилдесем? Сотко чейин барсам кандай болот? Менин атымдагы үйүмө эч кандай зыяны тийбеби? Ал сураган акча менде жок. Алдын ала чоң рахмат!
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







