Билесизби, мен негизи өзүмдү психологиялык жактан алсыздатып алдым окшойт. 1-2 жылдан азыркыга чейин мээме ар кандай негативдүү ойлор келет. Канчалык аракет кылсам дагы болбой жатат. Негативдүү ойлордун натыйжасында жашоомдо өтө чоң өзгөрүүлөр боло баштады. Алсыздай түштүм, эс тутум начарлады, ооруп калдым, эң негизгиси бир нерсеге кызыгуу жоголууда. Кантип бул абалдан чыкса болот? Мээмди, ойлорумду кантип башкарам? Мисалы бир нерсени кылсам, мисалы, колду жууну айтайын, бир жолу колду жуусам, сыртка чыгып же кичине туруп дагы кайра жууйм. Бир нерсе мени ичимден аткар деп буйрук бергендей болот . Андай кылбасам оюмдан кетпейт, кыжалат болом, качан аткарсам токтойт. Ошентип бардык аткарган нерселерим адатка айланып, кайра-кайра аткарып калдым.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







