AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мен үчүн бул ишке барган абысыныма ыраазымын

Мен үчүн бул ишке барган абысыныма ыраазымын

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Эмне деди?

Ыйлап сүйлөй албайм.

— Тийдиби?

— Жооок….

— Урдубу? Чаптыбы?

— Жоок…

— Жүр! Каерден болду? Көрсөт мага.

Абысынымды алдыга салып баратам. Бир туруп күлкүм келет. Мени ушинтип ар дайым коргоп эле басып жүрөт. 

Магазинге кирип бараткам. Алдында эки киши турган. Бир маалда бирөөсү сумкамды тартып алды. Бер десем, экинчисине ыргытты. Анан милиция чакырам десем кайтарып берип каткырышты. Ушундай жаман болдум. Ыйлагым келди. Эмне кылышты билбедим. Күйөөмө чалайын дедим, бирок алыста жүргөндө кабатыр кылгым келбеди. Дароо абысыным эсиме түштү. Үйүнө жөнөдүм.

Абысынымды бир көргөндө эле жактыргам. Жаңы келин болуп келгенде дароо көзүмө түшкөн. Бир үйдү тейлеп, конокторду жайгаштырып баарына жетишип жүргөн. Келиндер бир жерге чогулуп отура калса, «ушактарыңарды биздин артыбыздан айтасыңар» деп, баарын жумушка салып жатты. «Жаңы келинди иштетпейсиңби» дешсе, «жаңы келин силерге кул беле, аны сыйлаш керек» дегенде оозум ачылган. 

Абысынымдан коркушат, ошон үчүн мага эч ким сүйлөй албайт. Конокторго барсам, идиш жуубайм, төрдө отурам.

Абысынымдай болгум келет. Өз оюн так айткан, жумушту майын чыгара жасаган, ачык сүйлөгөн, эч нерседен коркпогон аял. Көйгөйлөрүмдү айтып барсам, «ушул дагы кеппи» деп, кеңеш берип койсо, көзүм ачылып калат. «Өзүңдү басынтууга эч качан жол бербе» деп турат. 

Барсак тигил экөө туруптур. «Апаңды ээрчитип келдиңби» деп каткырышты. Ичимдеги баланы ойлодум. Болбосо мен деле жообун берет элем. Абысыным «мага кой деп» алар менен сүйлөшкөнү басып кетти. 

Айыппул төлөп беришти. Милицияга барганда экөө тең кечирим сурап көздөрү алайып чыкты. Абысыным милицияга алып барганга чейин жакшы эле сүйлөштү. Ал жагын айтпай эле коеюн. 

Эч нерседен коркпой мени коргоду. Деги эле ар дайым мени коргоп басып жүрөт. Бул үчүн ага чексиз ыраазымын. Абысындар дос болбойт дешет эле, мен буга кошулбайм. Менин абысыным достон дагы жогору, бир тууганымдай. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Кыялыңыз орундалсын десеңиз

Кыялыңыз орундалсын десеңиз, бул ыкманы колдонуңуз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.