AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мен сени сүйөм

Мен сени сүйөм, бирок сени менден да катураак сүйгөн дагы бир аял бар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Түтүн булатып жашап келгенибизге 12 жыл болуптур. Келинчегим: менден башка дагы бир аялды киного алып барып келбейсиңби, — деп сунуштап калды.

— Мен сени жакшы көрөм, бирок сени менден да катураак жакшы көргөн дагы бир аял бар. Ал да сенин көңүл бөлүүңө муктаж, — деди келинчегим.

Келинчегим сөз кылып жаткан башка аял, менин апам эле. Апамдын жесир калганына 19 жыл өттү.

Тилекке каршы жумуш үй-бүлө, бала-чака деп жүрүп апама ойдогудай көңүл бөлө алган жокмун. Телефон чалып апамды киного чакырдым.

— Эмне болду? Тынч элесиңби? – деди апам дароо.

— Сиз менен бирге убакыт өткөргүм келди, – деп жооп бердим.

Бир азга унчукпай туруп калды да, анан: “Макул, мен сени аябай сагындым”.

Жума күнү жумуштан кийин чыгып апама жөнөдүм. Эмнегедир толкунданып жаттым. Машинемди үйдүн жанына токтотуп жатып, апамдын сыртта күтүп турганын көрдүм. Байкашымча апам да толкунданып жаткан экен.

Пальтосун ийиндерине таштап коюп эшиктин жанында күтүп туруптур. Чачын тармалдантып, жарашыктуу кийинип алган.

Экөөбүз ресторанга бардык. Укмуш кымбат болбосо да ичи жагымдуу жана жайлуу экен. Апам мени колтуктап алып, башын өйдө көтөрүп сыймыктанып басып баратты.

Столго отурдук. Апам менюну окуй албай койду. Көзүм жетпей атат, — деди. Окуп ортосуна жетип калганда апамды карасам, мени тиктеп, сырдуу жылмайып отуруптур.

— Илгери, сен кичинекей чакта, менюну сага мен окуп берчү элем, — деди.

— Эми менин кезегим келди, — деп жооп бердим.

Тамактанып бүткөндөн кийин бир топко чейин сүйлөшүп отурдук. Акыркы жаңылыктарыбыз менен бөлүшүп кобурашып отура берип, бара турган кинобузга да кечигип калдык.
Кинодон кийин үйгө жеткирип келсем: “Экөөбүз дагы бир жолу ресторанга барып келели. Бирок кийинкисинде мен чакырам”.

Мен макул болдум.

Үйгө келсем, келинчегим:

— Кандай барып келдиңер? – деп сурады.

— Аябай жакшы. Мынчалык жакшы болот деп элестеткен эмесмин, — деп жооп бердим.

Бир нече күндөн кийин апам инфаркт болуп көз жумду. Бүт бардыгы күтүүсүз, ушунча тез өттү, апамды аман алып калууга эч мүмкүнчүлүгүм болгон жок.   

Дагы бир нече күндөн кийин почта аркылуу апаман чакыруу келиптир. Апам экөөбүз бара турган ресторанга эки кишилик чакыруу алып, сүйлөшүп койгон экен. Тыйыны төлөнгөн. “Экөөбүздүн кийинки жолугушуубузду сүйлөшүп койдум. Бирок мен бара албайт окшойм. Сен келинчегиң менен барып кел. Сен мени свиданиеге чакырганың мен үчүн канчалык маанилүү болгонун эч качан түшүндүрүп бере албасам керек. Мен сени жакшы көрөм, уулум”.

Ата-энеңерге күйүмдүү болгула! Биз үчүн чын дилинен кубанып, кайгырсак кайгыбызды тең бөлүшкөн жалгыз адамдар ушулар.

Окуя интернеттен алынды. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялымдын башкадан боюна бүткөнү жакшы. Тукумсуз күйөөнүн баяны

Аялымдын башкадан боюна бүткөнү жакшы. Тукумсуз күйөөнүн баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.