Келин жаман эмес, келин алган жер жаман, деп бекеринен айтышпаса керек. Менин келин болуп келгениме 3-4 ай эле өттү. Бирок кайын энемен катуу көңүлүм калды.
Келгенден бери конок тосуп бүтпөй койдук. Күн суукта колум муздак суудан чыккан жок. Келе калып эле ооруп, деген сөздөн уялып, өзүмду жаман сезип турсам да, чыдап жүрө бердим. Дене табым көтөрүлүп, оорум күчөгөндө, кайын энем антигриппин менен парацетамол алып келип берди. Аябай сүйүнүп, мага кам көрүп жатат деп ойлодум. Бул ишти бүтүрбөптүрсүң, тигил иш чала болуп калыптыр, дегендерин да жакын кабыл алган жокмун.
Эртеси эле бекерчи кайним, түнү менен көчөлөп жүрүп ооруп калды. Акча тартыш, деп жаткан кайын энем жерден чукуп болсо да, уулуна кымбат дарынын 5-6 түрүн алып келиптир.
Жиним келди. Экөөбүзгө бирдей алып келип берсе деле болот эле го? Төркүнүмө барып дарыланып келем, десем, баланчанчы күнү үйгө келип кал, мен коноко кетем, себетиме бир нерселерди жасап бересиң, деди. Болбосо доктурга алып барганда, “кыймылдабай жатсын” деген сөздөрүн өз кулагы менен уккан.
Дагы мени өзгөрүп кеттиң, деп коет. Жакшынакай келинди, заарын чачкан жыланга айландырган өзүңөр эле экенсиңер.







