AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мен кайын энемди

Мен кайын энемди, күйөөм ойношун багат. Бир аялдын күйүтү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул ирет күйөөм башка келинди ээрчип кетти деген айымдын катын жарыялайбыз. 

Динара: Күйөөм чыккынчылык кылды

Жолдошум экөөбүз 25 жыл жашадык. Бир уул, 2 кызды тарбиялап чоңойттук. Куда-сөөк күтчү жашка келгенде, күйөөм ойношуна нике кыйдырып алды.

Ал келинди ээрчип кеткенде, балам окуусун аяктап жаткан, кызым студент эле. Күйөөмдөн эмнеге мындай жолго барганын сурасам, кайра мени сабап, энесине, бир туугандарына, жадакалса балдарыма жамандады. Сабырымды сактайын деп, оорукчан болдум. Ишенгеним балдарым.

Учурда кайын энем менен жашайм. Күйөөм келип кетип турат, апасы менен сүйлөшөт, мага үн катпайт.

Май айында, “мага чалба, сүйлөбө” деген. Айтканын жасадым.

Жашоом кандай болот элестете албайм. Кыргыздын “Эл эмне дейт?” деген стереотибинен арыла албай өтөмбү деп корком. Келечегим туңгуюк….

Адистер эмне дейт

Асель Баимбетова, психолог

Тилекке каршы, акыркы убакта мындай көрүнүштөр көбөйдү: 40 жаштан өткөн эркектер жаш кыз-келиндерге үйлөнүп, параллелдүү үй-бүлө куруп, динди жамынып, экинчи аялдуулукту колдошот. Башкача көз караш менен тарбияланган аялдар үчүн бул жапайы көрүнүш. Анан албетте, тынчсызданып, чыккынчылыкка туш болдум деп ойлойсуз. Жашооңуздун баарын үй-бүлөңүзгө арнап, күйөөңүздөн мындай нерсени күткөн эмессиз.

Аялдын үй-бүлөгө болгон берилгендиги бир жагынан плюс болсо, экинчи жагынан минус.

Айтайын дегеним, үй-бүлөм, балдарым деп жүрүп, карьера жасап, план түзүп, жеке жашооңузга көңүл бурган эмессиз. А күйөөңүз болсо, экинчи вариантты байкаштырып жүргөн, тапканда дароо жармашкан.

Эмне кылсам болот — деп сурап жатасыз? Бул жерде тактай турчу бир канча нерселер бар. Азыр кандай жагдайда жашап жатасыз? Үй-бүлөңүздөн бөлүнүп, өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүгүңүз барбы? Кадыр-баркыңыз ушунча тебеленгенден кийин кетип калууга күчүңүз жетеби? Же кетип калсаңыз, жашооңуз оорлошуп кетеби? Туугандарыңыз, балдарыңыз колдойбу? Бул нерселер абдан маанилүү. Жакындарыңыз жөнүндө сурап жатканымдын себеби, эмне кылышты билбей турганыңызда, алардын колдоосу абдан керек.

Күйөөңүз сиз менен сүйлөшпөйт экен, мындай караганда, эми ал күйөөңүз деле болбой калды. Экөөңөрдүн ортоңордогу мамиленин формасы өзгөрдү. Эгер сизге ошол үйдө жашоо ыңгайлуу болсо, жашай бериңиз. Биринчи кезекте, өзүңүзгө караңыз. Бул дагы бир үй-бүлөлүк жашоонун формасы. Албетте, мындай болбошу керек, бирок айла жок.

Ал үй-бүлөдөн бөлүнүп өз алдынча жашоого күчүңүз жетеби? Жетпесе, ал жерде калып, башка варианттарды караштарыңыз. Баары өзүнүздөн эркиңизден көз каранды. Сиз эмнени каалайсыз, ошол маанилүү.

  • Бирөөдөн колдоо издеп, ичиңиздеги ачууну, кайгыны сыртка чыгарыңыз. Күйөөңүзгө жана анын жүрүм-турумдарына эч кандай таасир бере албай турганыңызды, үй-бүлө кезиңердеги мамиле бүткөнүн кабыл алыңыз, албетте бул нерсе кыйын, бирок айла жок.
  • Учурдагы абалыңыздан утурлай, эмне каалап жатканыңызды түшүнүңүз. Өзүңүз, укугуңуз, турак жайыңыз жөнүндө кам көрүп, чечим кабыл алыңыз.
  • Жаңы жашоо, жаңы кызыгуу, жаңы хобби (же эски), өзүңүз курактагы курбаларды табыңыз.
  • Жашоодон башка стилге, статуска өтүү үчүн орточо 6 айдан 2 жылга чейинки убакыт талап кылынаарын билиңиз.

Бактылуу болуңуз!

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Дүүлүктүрүүчү дары ичээрден мурун буларды билип алуу керек

Дүүлүктүрүүчү дары ичээрден мурун буларды билип алуу керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.