AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мен геймин

Мен геймин, атам менен апама кантип айтам? Психолог кеңеш берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Адилет (аты өзгөртүлдү) 15 жашта. Шаардагы мектептердин биринде окуйт, келечекте дизайнер болгусу келет. Бирок, эч ким анын “башкача” экенин билбейт.

— Досторумдун баары кыздар. Балдар менен эч эле тил табыша албайм. Кичинемде да кыздар менен ойночумун. Мен үчүн куурчактарга кийим тигүү, машинага караганда кызыктуу эле. Башында ата-энем, бир туугандарым буга көңүл деле бурушчу эмес. Кийин кадимкидей ачууланып, байкелерим “эркексиңби же…” деп шылдыңдашчу болду.

Адилеттин ата – энеси соода менен алектенет. Салтты катуу карманган адамдар. Балдарын үйлөнтүп-жайлантып алгандан кийин, айылга кетүү пландары бар.

— Кызтеке деп, адамдар дароо назик жигиттер тууралуу ойлойт. А мен андай эмесмин. Сыртыман сексуалдык ориентациям башкача экени билинбейт. Кыздар менен көп жүргөнүмдөн улам, айрымдар мени “бабник” деп ойлошот.

Акыркы 2 жылдан бери Адилеттин жашоосу татаалдашып барат. Жигиттин дизайнер болгусу келген кыялын ата-энеси колдобойт. Атүгүл, окуусун бүткөндөн кийин өздөрү менен айылга алып кетип, үйлөнтүү ниеттери бар.

— Учурда мага сөз айтып жүргөн бир жигит бар. Экөөбүз кат жазышып турабыз. Ал азыр чет жакта. Окуумду бүтсөм мен да чет өлкөгө кетким келет. Мендей “башкачалар” бул жакта көпкө жашай албайт. Сиздерден сурайын дегеним, гомосексуал экенимди ата-энеме кантип айтсам? Коркокмун. Байкалерим мени жөн койбойт болуш керек.

Ильдар Акбутин, психолог

Ата-энеңдин реакциясын башкача кылып кое турган сыйкырдуу рецепт же сөз жок. Менин 24 жаштагы бир кардарым өлтүрүп коюшат деп, кыз эмес экенин ата-энесине айткандан коркчу. Коомубуз балдарынан мындай кабарды угууга даяр эмес, кагуу жеп калуу тобокелдиги жогору. Бирок, эртеби-кечпи баары бир билинет.

Эгерде сырыңды ачык айта алган улуу агаң, жакын досуң же класс жетекчиң бар болсо, союздаш болууга чакыр. Алар алдын ала ата-энеңе жарыялап, түшүндүрүп, ынандырганга аракет кылат. Ата-энең уккан кабарына бир аз көнгөндөн кийин, телефон аркылуу сүйлөшүп көр, баары жайында болсо, алар менен жолук. Жакшысы, жолугушууга союздашың менен бирге бар.

Ата-эненин сезимин да түшүнүүгө болот. Алар уяттан жана маалыматтын тарап кетишен коркушат. Ошондуктан, көп адамга жарыя кыла бербей, ата-энең менен келечегиңди талкуулап ал.

Менин сага окшогон кардарларымдын көбү өздөрүнүн келечегин Европадан же алыскы чет өлкөлөрдөн көрүшчү. Мектепти бүткөндөн кийин окуганы же иштегени кетип калсаң болот.

14 жаштагы кардарым окуусун бүтпөй эле, ата-энесине ачык айтып, макулдашып, Англияга кетип калган. Ал жактан колледжди бүтүрүп, азыр белгилүү парфюм компаниясында иштейт.

Кээде ата-эне баласынын багыты башка экенин билген соң, сексуалдык ориентациясын өзгөртүүгө аракет кылып, күч менен үйлөндүрүп, катуу көзөмөлгө алышат. Мунун аягы кайгылуу кесепеттерге алып келет.

Ата-энең кабыл албайт деп ойлосоң, бой жеткенче күтүп тур.

Тамара Воронцова, психотерапевт

Биздин коом, ата-энелер мындай кабарды жайдары кабыл алышпайт. Алар үчүн бул “уят”, “эл эмне дейт” жана башка. Мунун баары өз баласын түшүнүп, колдоо көрсөтүүдөн алда канча маанилүү. Эгер кимдир бирөө, атүгүл баласы, өзүнө окшош эмес болсо, анда ал соо эмес.

Кабылдамама, айтканын айтып алып, ата-энесинен айрылган, атасынан токмок жеген балдар көп келет.

Кандай максат менен ачык айтууну чечтиң? Жакшылап ойлонуп көр. Жөн эле деген болбойт. Алар түшүнүшпөйт.

Эмне кылуу керек? Ата-энең кандай кабыл алаарын алдын ала билсең, мүмкүн болушунча убакытты созуп тур. Билбесең, мисал келтирип, кыйытып айтып көр: окуумда же жумушумда мындай бала бар деп. Ата-энеңдин реакциясын байка. Сени түшүнө тургандарына 100 пайыз кепилдик болсо гана ачыкка чык.

Ата – энең сабырдуулук менен кабыл ала турган бир учур келет. Ага чейин сырыңды сактап эле турганың оң.

Ар бир адамдын жеке жашоосу жана сырлары болот, бул табигый көрүнүш. Бактылуу бол!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Өзүңдүн мамлекетиңдин президенти бол! Жаш ишкердин ийгилик сырлары

Өзүңдүн мамлекетиңдин президенти бол! Жаш ишкердин ийгилик сырлары

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.