AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мен бактылуу болууга татыктуу эмесмин! Үйүнөн зордук-зомбулукка кабылган балдар

Мен бактылуу болууга татыктуу эмесмин! Үйүнөн зордук-зомбулукка кабылган балдар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психолог Нуриза Батырбекова зордук-зомбулуктун түрлөрү, анын жашоого тийгизген таасири жана алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.

Зордук-зомбулуук дегенге эмнелер кирет?

Психологияда зордук зомбулукту беш түргө бөлүп каралат. Алардын ар бири өто оор, жана адамдын жашоосуна кесепетин сөзсүз тийгизет.

  • Физикалык
  • Эмоционалдык
  • Эмгегин эксплуатация кылуу
  • Сексуалдык
  • Көңүл коштук

Зордук-зомбулук адамдын жашоосуна кандай таасирин тийгизет?

Анын таасири терс экенин айтпаса деле бардыгыбыз билебиз. Ошого карабастан ушу күнгө чейин түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Кичинекей кезиндеги жагымсыз тажрыйба адамдын мүнөзүн өзгөртөт. Адатта балдар коркок, жалтак, түнт же тескерисинче агрессивдүү, каалоолорун ишке ашыра албаган, оюн ачык айта албаган адам болуп калышы мүмкүн.  

Бала кезинде үй-бүлөдөн ур-токмок жеген бала сөзсүз эле ийгиликсиз, кедей-кембагал болуп калат дегендик эмес, жок. Андай адамдар деле үй-бүлө курушат, балалуу болушат, карьера жасашат. Бирок алардын жан дүйнөсү абдан жабыркайт. Жашоодон ырахат ала албайт, өзү-менен өзү гармонияда боло албайт.

Ата-эне билбей баласын зомбулукка кабылтып алышы мүмкүнбү?

Ооба. Мисалы, кыргыздарда “элдин балдары” деген сөз бар. “Элдин балдары минтет экен, тигинтет экен. Элдин балдары кыйын, сен эле эч нерсеге жарабайсың” – дегенди баарыбыз эле угуп чоңойдук. Бирок, чынында бул сөз балага катуу тиет. Акыры, ал ата-энесинин сөзүнө ишене баштайт. Мен жалкоомун, колуман эч нерсе келбейт, мен бактылуу болууга татыктуу эмесмин, — деген ой мээсинде калыптанып калат.

Ошондуктан баланы башка бирөөгө эмес, өзүнө-өзүн салыштыруу керек. Мисалы: былтыр жакшы окудуң эле, быйыл сага эмне болгон? – десеңиз болот. Ал ойлонуп, анализ жасап, жыйынтык чыгарганды үйрөнөт.

Ар бир балага индивидуалдуу мамиле жасоо керек. сын тагуу, салыштыруу да зомбулуктун бир түрү болуп калат.

Биз деле таяк жеп чоңойгонбуз азыр нормалдуу эле адам болбодукпу, деп көп айтышат, бул туурабы?

Мындай позиция туура эмес. Биз, биздин ата-энебиз чоноюп тарбия алган заман башка болчу. Азыркы замандын балдары башка. Демек аларга да башкача мамиле кылып, тарбия берүүсүнө, өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бөлүп, мамиле жасашыбыз керек.

Эмне үчүн кээде балдар атайы жиниңе тийип жаткандай сезилет?

Мисалы биз баланы урушуп, “тез-тез кыймылда!”, — деп буйрук бердик. Балабыз шыпылдап тезирээк жасагандын ордуна атайы эзилип, жай кыймылдап жаткандай сезилет.

Ал атайын жасаган жок. Коркуу сезими анын мээсин өчүрүп, кабыл алуусун жайлатып салды. Канчалык катуу, кыйкырып айтсаңар деле сөздөрүңөрдү түшүнбөйт. Аракет кылса да мээси процесстердин бардыгын автоматтык түрдө жайлатып салды.

Мындайда, ылдый отуруп, бетме-бет, баланын көзүнө карап сүйлөшүү керек. Мен сага жамандык кылбайм, мен сени урбайм, менден коркпо, деген ойду жеткириңиз.

Өспүрүм балдар өздөрүн зордук-зомбулуктан коргой алышабы?

Ооба. Мен үй-бүлөдо зордук-зомбулукка күбө болгон же ага кабылган балдардын бардыгына айткым келип турат: Жардам сурагандан тартынбагыла! Жакындарыңарга, туугандарга, мугалимге билдиргиле. Бизде акысыз психологиялык колдоо көрсөтүү кызматы бар, 111, 112 кыска номерине чалып, жардам алсаңар болот.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу жолдору барбы?

Ар бир бала тынч үй-бүлөдо жашоого акылуу. Зордук-зомбулукту алдын алуу, баланын өнүгүүсүнө бардык шартты түзүү — бул ата-эненин милдети.

Жеке пикириңди ачык айтуу, башканын оюн уга билүү керек, ушул эле нерсеге балдарды үйрөтүү керек.

Үй-бүлөдөгү кичинекей ырымдар, салттар, майрамдар да анын ынтымагын арттырып, жагымдуу атмосферанын түзүлүшүнө өбөлгө болот.

#билесиңбиөспүрүм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем экөөбүз сарайда кулптанып калбасак тил табыша албайт элек

Кайын энем экөөбүз сарайда кулптанып калбасак тил табыша албайт элек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.