Саламатсызбы. Аялымды жакшы көрөм, бирок төшөк маселесине келгенде, меники жакшы турбайт. Башка учурда, “сол жака” барганда бул жагынан эч көйгөй жаралбайт.
Үйлөнгөнүбүзгө беш ай болду. Келинчегим мээримдүү, акылдуу, мамилебиз жакшы. Бирок анын жанында болгонумда делебем козголбойт.
Өзү да кошулууга демилге көтөрбөйт, аракет кылбайт. Ар дайым эле мен ойготом.







