AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мектептен качуунун алты себебин психолог айтып берет

Мектептен качуунун алты себебин психолог айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кимден сурасаң да баардыгы мектептен, сабак окуудан качып көргөнүн айтса керек. Качууда алардын ар кандай себеби болушу мүмкүн, мисалы сабакка даяр эмес, достору менен бир жакка баргысы келген, жок эле дегенде уйкуну шылтоолошкон.

Бирок, мындан сырткары мектептен качуунун негизги себептери дагы бар. Кандай себептер экенин Москва Гештальт институтун бүтургөн психолог Гүлмира Молдокулова айтып берди.

Кызыксыз сабак

Мугалимдин түшүндүрө албай, сабак кызыксыз өткөрүлсө бала бекер олтургусу келбей качып кетет.

Чыр-чатактар

Классташтардын арасындагы талаш-тартыштар, шылдыңдоо, басынтуу же болбосо жаман ат коюп аны маскаралоо. Ушундай эле көрүнүш мугалим менен окуучунун ортосунда дагы кездешет. Окуучуну классташтарынын көзүнчө урушуп, кемсинтип аны басмырласа, тапшырманы жогорку денгээлде айтып берсе дагы төмөн баа койсо, бала өзүн ыңгайсыз сезип сабакка келбей коёт.

Туура эмес мектепти тандоо 

Мисалы гуманитардык сабактарга жакын бала, физика, математикага басым жасаган мектепке окуп калса ага кыйынчылыктар жаралып, ал сабактан качат. Мындай учурларда мектебин алмаштыруу туура болот. 

Эс алуунун аз болушу

Мектептен үйгө берген тапшырманын же мектептен тышкаркы даярдоочу курстардын көптүгү баланы чарчатат. Бардык тапшырманы аткарганга үлгүрбөй мектепке баруудан баш тартат.

Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар

Дайыма үйдө уруштар көп болуп турса, атасы же апасы ичсе бала уялып мектепке баргысы келбейт.

Туура эмес чөйрөгө туш болуп калуу

Бул эң негизги себеп болуп эсептелинет. Тентек, ууру, сабактан качкан, ата-энесин укпаган, ичип, чеккен балдарга кошулуп калса бала аларга аралашып өз киши болуу үчүн мектепке барбоого, окууну экинчи орунга койгонго өтөт.

Баланын окуудан качуунун негизги себептери ушулар болуп эсептелинет. Бул масалени чечүү үчүн балага көп көңүл буруу абзел, кээ бир учурларда психологдун дагы жардамына кайрылуу маанилүү. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Жигитим мага досунун тоюна кеткенин айтып

Жигитим мага досунун тоюна кеткенин айтып, башкага үйлөнүп алыптыр

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.