AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мектептен бала 15 жаштагы кызды уят кылып

Мектептен бала 15 жаштагы кызды уят кылып, бюстгальтерин чечип салды. Ошондо…

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Мектепте болуп жаткан жагдайларга ким жооптуу болушу керек? Ата-энелерби же мугалим менен директорбу? Балдарыңызга жыныстык асылуу эмне экенин жана алардын кантип коргонуу керектигин айтып бересизби?

Бул окуя, балдарыңызга туура жүрүм-турум жана жөнөкөй нерселер жөнүндө түшүнүк берсеңиз, келечекте жагымсыз жагдайлардан аны менен өзүмдү коргой ала турганыңызды көрсөтүп турат.

Бала классташ кызын дайыма жүдөтөөр эле.  Бир күнү  класста олтурганда  кыздын бюстгальтерин чечип жиберди, кыз коргонуу максатында баланы эки ирет жаакка чапты.

Мектеп  жетекчилиги экөөнүн ата-энесине чалды. Окуя  жаңы нукка бурулду.

Кыздын энеси жумушта болчу. Медайым болуп иштечү, нөөмөтү эки сааттан кийин бүтмөк. Телефонун чечинүүчү жайга калтырып койгондуктан, чалууну уккан жок. Мектеп жетекчилиги оорукананын өзүнө байланышка чыкты.

Аял жооп бергенде, кызы баланы бетке чаап жибергенин, окуя абдан олуттуу экенин айтып, мектепке келүүсүн буйрук беришти. Толук түшүндүрбөй, телефонду коюп коюшту.

Апасы мектепке бир сааттан кийин келди. Директор аны «Сизди көпкө күттүк!» деген сөздөр менен тосуп алды. Бөлмөдө директордон тышкары класс жетекчи, баланын ата-энеси жана  бети канаган баланын өзү бар эле.

Кыздын энеси мындай деди:

— Кечиресиз, жумушум абдан көп эле. Акыркы 40 мүнөт энеси депкир менен  урган 7 жаштагы баланын башын тиктим. Андан кийин милицияга көрсөтмө бердим.

Бул сөздөрдөн кийин директор уялып, сөздү окуяга бөлдү.

— Бул бала кызыңыздын бюстгальтерин тартып койсо, кызыңыз эки жолу бетине чаап, канатып салыптыр,-деди.

Аялга директор кызын күнөөлөп жаткандай туюлду. Ошондо ал мындай деди:

— Баары түшүнүктүү! Сиздерге, менин кызыма жыныстык асылууга жол берилгени үчүн баланын ата-энесине жана мектепке айыптоо коюп, укук коргоо органдарына кайрыла турганым кызык болуп жатабы?

Эч ким аялдан мындай жоопту күткөн эмес эле. Отургандар толкундана түштү. Мугалими мындай деди:

— Бул олуттуу окуя эмес! Кырсык болгон жок, сабырдуу бололу.

Директор: «Силер жагдайды түшүнгөн жоксуңар».

Баланын энеси ыйлап кирди, аял кызы менен сүйлөшө баштады.

Кыз «Ал менин бюстгальтеримди тартты. Мен мугалимге даттандым, бирок ал  маани бербей эле коюшумду айтты. Качан гана бала бюстгальтеримди чечип салганда, мен аны бетке чаптым»,-деди.

Энеси кызынын сөздөрүн укканда, мугалимден эмне үчүн ал бирөөгө экинчисин таарынтууга уруксат берип, эч кандай чара көрбөгөнүн сурады.

Кыздын энеси:

— Сиздин шымыңыздын алдына колумду тийгизүүгө уруксат бериңиз? – деп  мугалимге кайрылды.

— Жок! Сиз акылыңыздан адаштыңызбы! – деди мугалим.

Ошондо кыздын апасы мугалимге  баланын энесинин бюстгальтерин тартуусун сунуш кылды.

Директор: «Сиздин кызыңыз классташ баласын уруп салыптыр!»

— Жок! – деп айтты кыздын апасы. — Кызым жыныстык асылуудан өзүн коргоду. Милдеттүү болгон мугалими коргобосо, кызым канча жолу бул балага өзүнүн денесине колун тийгизүүгө уруксат бериши керек эле. Караңыздар, менин кызымдын бою 168 см, ал эми бул жигит дээрлик 2 метр. Ал кызымдан эки эсе бийик жана күчтүү.»

Баланын энеси ыйлап жиберди, ал эми атасы кызарып кетти.

— Сиз жана мугалимдериңиз өздөрүнө мындай аракетти жасоого уруксат берген жок, анда эмне үчүн бул жигитке жол берилет? Мен бул окуя тууралуу жетекчиликке билдирем. Ал эми сен…- балага бурулуп — дагы бир жолу кызыма кол тийгизсең, мен сени сексуалдык асылуу үчүн каматам. Түшүндүңбү?

Аял маселени жөн койбоду. Жетекчилик менен байланышты. Ал жактын кызматкерлери мугалим менен директордун иш-аракеттерине таң калып, иликтөө жүргүзүүгө убада кылышты.

Мындай жагдайларда ар дайым балаңыз тарапта болуңуз. Эч качан унчукпай койбоңуз. Балдарыңыздарды коргоңуздар!

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөмдүн бир сөзү

Күйөөмдүн бир сөзү, жашоомду өзгөрттү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.