AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
MEGA’нын абоненттери MegaPay’дин артыкчылыктары тууралуу айтышты

MEGA’нын абоненттери MegaPay’дин артыкчылыктары тууралуу айтышты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстанда күнүмдүк турмушта накталай акчаны пайдалануудан баш тартып, накталай эмес төлөм-эсептерге өткөндөрдүн саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Мобилдик тиркемелер  убакытты да, акчаны да үнөмдөп экранды баскылоо менен эле төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жаратат

Көптөгөн кыргызстандыктар коммуналдык кызматтарды телефон аркылуу төлөгөнгө көнүштү. Бирок тиркеменин жардамында мамлекеттик кызматтар үчүн да төлөм жүргүзүүгө, жакынкы чет мамлекеттерге акча которууга жана керектүү суммадагы каражатты ылдам чыгарып алууга боло турганын баары эле биле бербейт. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн баары MegaPay тиркемесинде бар.

MegaPay менен сиз банкомат издеп же банктын бөлүмдөрүнө барып, кезек күтүп, оператордун жообун күтүп убара болбойсуз: сиз өз каражатыңызды каалаган убакытта колдоно аласыз.

MEGA’нын абоненттери MegaPay тиркемесинин бардык артыкчылыктары тууралуу айтып беришти

Эрлан Ажиев — жактоочу: «Мен бардык коммуналдык кызматтарга MegaPay аркылуу төлөйм. “Коопсуз шаар” кызматын да улам-улам колдонуп турам. Менин атыма бир нече автокөлүк катталган. Жол эрежелери бузулгандыгы үчүн жазылган айып пулдарга тиркеме аркылуу көз салып турам. Мындан тышкары айып пулду төлөгөндөн кийин да бул боюнча билдирүү келет. Аны деле мен MegaPay’де төлөйм.

Назик Эгеш кызы — студент: «Мен студентмин, Бишкекте окуйм. Үй-бүлөм башка аймакта жашайт. Ата-энем MegaPay аркылуу мага акча которот. Бул өтө ыңгайлуу. Алар жөн эле менин телефон номеримдеги балансты толукташат, ал эми каражат автоматтык түрдө электрондук тиркемеге которулат. Ал аркылуу мен акчаны банк картасына котором дагы банкоматтан накталай алам”.

Нурбайыш Эгембердиев — айдоочу: Мурда мен MegaPay тиркемесин колдонбойт элем. Бирок жаңы жумушка орношконумда соттолбогондугум тууралуу аныктама талап кылышты. Аялым мамлекеттик кызматка 10 секунда ичинде төлөм жүргүздү. Эртеси эле бардым дагы даяр аныктаманы алып кеттим. Ошондо MEGA тиркемесин пайдалануу аябай ыңгайлуу экендигин билдим. Азыр менин телефонума да MegaPay жүктөлгөн».

Адыл Ибраев — ишкер:«Менин Россия, Казакстан жана Өзбекстанда жумуш боюнча өнөктөштөрүм бар. Жума сайын аларга маянасын берип турушум керек. Бул үчүн дайыма банкка барып, кезек күтүп туруу – чоң түйшүк деп билем. Ошондуктан MegaPay тиркемесинде “Эл аралык акча которуулар” кызматы мага чоң жардамчы болду деп айта алам. Аз эле пайыз комиссия менен керектүү сумманы Мир, Visa жана Mastercard карталарына которсо болот».

Иван Денисов – сатуу боюнча менеджер: «Менин ата-энем айылда жашайт. А бирок алардын коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрүн мен MegaPay аркылуу төлөп турам. Апам электр энергиясы, интернетке акчаны үйдөн чыкпай туруп эле төлөп койсо болоруна көпкө чейин ишенбей жүрдү. Улуу муундагылар дүмүрчөктү алып почтага барууга көнүшкөн эмеспи».

Гүлзана Өмүрова – ашпоз: «Биздин үй-бүлөлүк чакан бизнесибиз бар. Аны өнүктүрүү үчүн банктан насыя алганбыз. Мурда аны төгүү үчүн ай сайын банкка барууга туура келчү да, азыр болсо аны смартфондон эле төлөп коём. Агам MegaPay’дин бардык артыкчылыктары тууралуу айтып берген. Ошондон бери бул мобилдик тиркеме менин алмаштыргыс жардамчыма айланды».

Жазгүл Сейдакматова — сатуучу: «Мен азык-түлүк дүкөнүн иштетем. Акыркы жылдарда кардарлардын көбү накталай эмес төлөм жүргүзүшө турганын айтып жатышты. Ошол кардарлардын бири MegaPay тиркемесин жүктөп алууну сунуштады. Ал товар үчүн төлөнгөн каражаттар менин номеримдин балансына түшөрүн түшүндүрдү. Жүктөсө жүктөп көрөйүн дедим, азыр ошол чечимиме кубанам. Бул абдан ыңгайлуу, тез жана коопсуз».

Махмуд Жураев — фермер: «Мен тиркеменин көптөгөн кызматтарынан пайдаланам, дээрлик бардык кызмат, товарларга MegaPay менен төлөйм. Жакында эле өзүм үчүн “Тамак жеткирүү” кызматын ачтым. Тиркемеде даамдуу, табитти ачкан кафе, ресторандардын таң калыштуу көп тизмеси бар экен».

Жумабек Адылов – жеке ишкер: «Мен ай сайын салык кызматынын сайты аркылуу электрондук патент алам, аны MegaPay’ден төлөйм. Бул ыңгайлуу жана тез болгондон тышкары бардык төлөм тарыхтары сакталат. Ал эми бардык кызмат, товарларга төлөмдүн чектерин каалаган менеджерге жөнөтүүгө болот».

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мен тааныбаган эркек күйөөмө мага деп белек таштап кетиптир

Мен тааныбаган эркек күйөөмө мага деп белек таштап кетиптир

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.