AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
MEGA – түйүндү каптоо аймагы боюнча лидер

MEGA – түйүндү каптоо аймагы боюнча лидер

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 10 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Акциялары 100% мамлекетке – КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине таандык MEGA компаниясы түйүндү каптоо аймагы боюнча лидерлик статусун тастыктады. Базалык станциялардын санын көбөйтүү жана сигналдын сапатын, 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүчтүк касиетин жакшыртуу максатында жабдууларды модернизациялоо иштеринин натыйжасында, MEGA’нын түйүнү Кыргызстандын калктуу аймактарынын 99 пайыздан ашуун аймагын камтыды. 

Муну менен катар MEGA багындырган ийгиликтери менен гана чектелип калбай, түйүндү бүткүл өлкө боюнча мыктылоону уланта бермекчи. 2023-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн иштер өлкөнүн бир катар облустарында сигналды жакшыртууга, мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга жана байланыштын сапатын мыктылоого жол ачты. 

MEGA‘нын Бишкек, Кара-Балта, Чолпон-Ата жана Нарын шаарларындагы базалык станцияларын модернизациялоосу 4G түйүнүнүн өткөргүчтүк касиетин бир топ жогорулата алды. Ошондой эле төмөндөгү айылдарда дагы төртүнчү муундагы мобилдик интернеттин жана байланыштын сапаты жогорулатылды: 

• Чүй облусу: Новониколаевка, Полтавка, Новомихайловка, Чым-Коргон, Ак-Башат, Тоолуу Маевка, Кызыл-Бирдик, Үч-Эмчек, Кара-Суу, Александровка, Беш-Терек, Сокулук (Крупская атындагы айыл округу), Сокулук (Сокулук айылдык округу), Ставрополовка. 
• Нарын облусу: Кочкор, Теңдик, Казан-Куйган, Оттук, Доскулу (Жумгал).
• Ош облусу: Жаңы-Ноокат, Кукалапаш, Төлөйкөн.
• Баткен облусу: Паскы-Арык. 
• Ысык-Көл облусу: Булан-Сөгөттү, Бостери, Кош-Көл.

Базалык станцияларды мыктылоонун эсебинен Бишкек шаарында жана төмөнкү бир катар айылдарда 3G түйүнүнүн сигналы жакшырды: 

• Чүй облусу: Новониколаевка, Полтавка, Новомихайловка, Чым-Коргон, Ак-Башат.
• Ош облусу: Жаны-Ноокат, Кукалапаш, Төлөйкөн.
• Нарын облусу: Кочкор, Теңдик, Доскулу (Жумгал).
• Баткен облусу: Паскы-Арык.
• Ысык-Көл облусу: Бостери.

2G стандартындагы станциялар Бишкек жана Кемин шаарларында, ошондой эле төмөндөгү айылдарда да модернизацияланды:

• Ысык-Көл облусу: Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак. 
• Ош облусу: Барын, Жаңы-Ноокат.
• Чүй облусу: Новониколаевка, Полтавка, Новомихайловка, Чым-Коргон, Сокулук.
• Нарын облусу: Кочкор, Теңдик.

Кошумча жабдууну ишке берүүнүн натыйжасында, MEGA компаниясынын Нарын облусундагы Шамшы айылында жашаган абоненттери 4G байланышына жетки алышты.

«Компанияны өнүктүрүү боюнча жаңы Стратегиянын алкагында, уюлдук оператор максаттуу көрсөткүчтөрдү ашыгы менен жана мөөнөтүнөн мурда аткаруу менен бекитилген пландарды ишке ашырып жатат. MEGA компаниясы Кыргызстандагы алдыңкы уюлдук байланыш оператору болуу үчүн ишмердүүлүгүн арттыруу жана байланыш сапатын жогорулатуу боюнча ишин уланта бермекчи», — деп белгиледи компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов.

MEGA компаниясы өз алдына дымактуу тапшырмаларды койгондугун эсиңиздерге сала кетели — 2023-жылдын жыйынтыгы менен бүткүл өлкө боюнча 200дөн кем эмес жаңы базалык станцияларды ишке киргизүү максаты бар.  

Түйүн каптаган аймактар жөнүндө маалыматтарды дайыма MEGA компаниясынын расмий сайтынан Камтуу аймагынын интерактивдик картасынын жардамы менен онлайн режимде алса болот. 

MEGA – өзүнүн 3 миллион абонентин жогорку ылдамдыктагы Интернет жана сапаттуу байланыш менен камсыздап турган, сапаттуу менеджмент системасынын ISO 9001:2015 стандарттарына шайкеш келүүсүн тастыктаган эл аралык тастыктамага ээ, биринчи жана жогорку технологиялуу бирден-бир байланыш оператору болуп саналат.

MEGA – «БИЗДИН байланышты колдон!»

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Туура эмес бут кийим кийсе варикоз пайда болот деген чынбы?

Туура эмес бут кийим кийсе варикоз пайда болот деген чынбы?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.