AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
MEGA: Лидерликке кайтуу жолунда

MEGA: Лидерликке кайтуу жолунда

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

MEGA уюлдук оператору – жетиштүү деңгээлдеги бэкграундга ээ компания. «Альфа Телеком» ЖАК – өлкөдөгү эң ири уюлдук байланыш оператору. Компания 2006-жылы өз ишин баштаган. Ал уюлдук байланыштын GSM (2G), WCDMA/UMTS (3G) жана LTE (4G) стандарттарындагы кызматтарды көрсөтөт. Республиканын алдыңкы уюлдук байланыш оператору 2016-жылы компаниянын өнүгүүсүнө жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн,  өзүнүн лидерлик позициясын жогото баштаган. Ал кезде компаниянын айланасында түрдүү кептер, талаш-тартыштар жаралган. Бүгүнкү күндө байланыш оператордун 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү, «Альфа Телеком» ЖАКтын жалгыз акционери – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги. Өткөн жылдын сентябрь айынан бери компанияны Нурлан Мамытов жетектеп келүүдө, башкы директор компаниянын Өнүгүү стратегиясын кайрадан карап чыгып, реформалоо процессин ишке киргизди. Албетте, анын натыйжасы көп күттүргөн жок. Өткөн жылдын ичинде компания өнүгүүнүн ишенимдүү чыйырына түшкөндүгүн көрсөтө алды.

Кыргызстандагы бирден — бир   мамлекеттик байланыш оператору бүгүнкү күндө кандай ишмердүүлүк жүргүзүүдө? Бул суроого жооп алуу үчүн, биз компанияны көздөй бет алдык.

Биз уюлдук оператордун  башкы административдик кеңсесине барганда эле анын кыскартылган, жаңы аталышы көзүбүзгө урунду. Өткөн жылдын декабрынан башталган этап-этабы менен өткөрүлүүчү   ребрендингдин компаниянын  аталышын өзгөртүүдөн башталгандыгын түшүндүк.

Топ-менеджменттин айтымында, бул чечим мезгилдин тенденцияларына шайкеш келүү үчүн кабыл алынган,  учурда компания  FinTech технологияларына  өзгөчө басым жасап келет. MEGA өкүлдөрү тарабынан белгиленгендей,  Компаниянын аталышынын, логотибинин жана расмий сайттын дизайнынын өзгөрүүсү – операторду оптимизациялоо жана жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган масштабдуу эволюциянын алгачкы гана кадамдары.  

Алгачкы мүнөттөрдөн тарта эле кеңседе ишкер жана жагымдуу атмосфера өкүм сүрүп тургандыгы байкалып, компаниянын иштөө механизми швейцариялык сааттардай эле иштей тургандыгы түшүнктүү болду. Мындай ырааттуулук − сабаттуу уюштурулган менеджменттин натыйжасында жетишилген жыйынтык жана кесипкөй кызматкерлердин эмгегинин үзүрү. 2022-жылдын жыйынтыгында MEGA уставдык капиталын 8,7 млрд сомго көбөйтүп, таза керешенин көлөмүн  1,574 млрд сомго жеткире алды.

MEGA тарабынан берилген маалыматтарга таянсак,  компаниянын үстүбүздөгү жылдагы көрсөткүчтөрү өткөн жылдагыдан  да жакшы экендиги көрүнөт. 2023-жылдын алгачкы үч айында компания техникалык жана коммерциялык өнүгүү боюнча мурда белгиленген  пландарды ашыгы менен аткарып, Кыргызстандын телекоммуникациялар рыногундагы үлүшүн көбөйттү. Үстүбүздөгү жылдын I кварталындагы кирешенин өсүүсү өткөн жылдагыга салыштырмалуу 23 пайызга көбөйүп, ал эми 5 айдын жыйынтыгы боюнча  кирешенин өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу 20%ды түздү.

Компаниянын чыгымдары кыскартылып,  натыйжада таза пайда 5 пайызга өскөн. Таза пайданын көлөмүн көбөйтүү компания персоналынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана кадрларды  оптимизациялоонун аркасында  ишке ашты.

MEGA өзүнүн базалык станцияларынын санын көбөйтүүгө басым жасап, мындан тышкары, сигналдын сапатын жакшыртуу жана өлкөнүн бардык аймактарында 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүн арттыруу үчүн жабдууларды жаңылап келет. Ушул жылдын биринчи кварталында өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 45%га көп базалык станциялар ишке киргизилди. 2023-жылдын соңунда республика боюнча 200дөн кем эмес сандагы  жаңы базалык станцияларды пайдаланууга берүү − уюлдук оператордун алдыга койгон артыкчылыктуу милдеттеринин бири.

Уюлдук оператор кыргызстандыктардын жашоосунун ажырагыс бир бөлүгүнө айланып калган Fintech чөйрөсүнө  да өзгөчө көңүл бурууда. MegaPay мобилдик тиркемесинин кызматтарынын саны ал жаңы ишке киргизилген күндөн баштап 2023-жылдын апрелине чейин 70тен 1065ке жетип, башкача айтканда 15,2 эсеге көбөйдү! 2024-жылдын башына карата тиркемедеги кызматтардын санын 1600гө жеткирүү пландалууда.

Евразия Сактык Банкы менен өз ара кызматташуунун натыйжасында  MEGA «Тинькофф» жана Kaspi сыяктуу белгилүү сервистердин Кыргызстандагы аналогу боло алат.

 «Бүгүнкү күндө MEGA – бул ишенимдүү, тездик менен өнүгүп жаткан мамлекеттик компания. Жаңы Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында ушул жылдын I кварталында жогорку көрсөткүчтөргө жетиштик. 2023-жылы киреше көрсөткүчтөрүн 2022-жылдагыдан 15 пайызга ашык аткаруу тапшырмасы турат, компаниянын потенциалы бул максатты ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Жыйынтык бул көрсөткүчтөн жогору болот деп азыр эле айтсак болот. Бүгүнкү күндө компаниянын бардык стратегиялык максаттары жана милдеттери аткарылып жаткандыгы тууралуу ишенимдүү түрдө айта алабыз, жана да рыноктогу үлүшүбүздүн өсүп жаткандыгын иш жүзүндө көрсөтүп келүүдөбүз», − деп белгилейт MEGA’нын башкы директору Нурлан Мамытов.

Мындан тышкары, ал жакынкы жылдарда мамлекеттик байланыш оператору бардык көрсөткүчтөр боюнча атаандаштарынан озуп, телекоммуникация рыногунун алдыңкы сабына  чыга тургандыгын кошумчалай кетти.

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мага атам апамды бала төрөтүү үчүн алгандай эле сезилчү

Мага атам апамды бала төрөтүү үчүн алгандай эле сезилчү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.