
Математикага болгон жөндөмүңдү ушул жөнөкөй маселени чыгарып билип алсаң болот. Шарттарын кунт коюп окуп, жаңылбаганга аракет кыл. Эмесе баштадык!
Бир автобуста 15 киши баратты, аялдамадан 5 жүргүнчү түшүп, 6 су отурду. Кийинки аялдамадан 2 киши түшүп кайра 1 киши отурду. Андан кийин дагы 10 жүргүнчү түшүп 7 киши отурду. Автобус бир топ жүрүп солго бурду, ал жактан 8 киши автобуска отурду. Кийинки токтогонунда 3 жүргүнчү аялдамадан түшүп калды.
Суроо: Автобус канча аялдамага токтоду?
Маселе жактыбы? Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа!







