AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мастит деген эмне? Себеби

Мастит деген эмне? Себеби, белгилери, алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
586
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Баланы эмизүү эне үчүн да бала үчүн да пайдалуу жана керектүү. Бирок бул процесс ар дайым эле ойдогудай өтпөйт. Көп кездешкен көйгөйлөрдүн бири —  сүт безинин сезгенүүсү, башкача айтканда мастит.

Маститтин себебин, белгилерин жана алдын алуу жолдорун маммолог Аида Осомбаева айтып берди.

Мастит эмне себептен пайда болот?

Бул ооруга көбүнчө биринчи жолу төрөгөн келиндер туш болушат. Анткени жаңы эле көз жарган аял наристесин туура эмес эмизет. Үрпүндө жаракалар пайда болуп, ал аркылуу инфекция кирет. Дагы бир себеби, кичинекей бала сүттүн баарын эмип жетишпейт, ал эми жаш келиндер саагандан эринишет, же жалкышат, же саап туруш керек экенин билишпейт. Эмчекке сүт толуп ал маститке айланат.

Негизги белгилери кандай?

Маститти аныктоо оңой эле.

  • Аялдын дене табы кескин 39-40 градуска чейин көтөрүлөт;
  • Эмчеги катып, кызарат (кээде сыя түстө болот);
  • Сүт толуп, чыдатпай оорутат;
  • Ошол тараптагы колун көтөрө албай калат;
  • Алы кетип, денеси калтырайт.

Маститтин кандай түрлөрү болот?

Мастит лактациялык жана лактациялык эмес болуп бөлүнөт.

Лактациялык мастит менен эмизип жаткан келиндер оорушат. Бирок айрым учурларда, эмизбеген аялдар деле бул ооруга туш болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле маститти чукул (острый) жана өнөкөт (хронический) деп да бөлөбүз.

Маститти үй-шартында дарылоо мүмкүнбү?

Ооба, эгер жеңил эле формада өтүп жатса, баланы улам эмизип жатып эле жакшы болуп кетсе болот. Наристе ооруган эмчекти көбүрөөк эмип жатып эле сүт туруп калган каналдарды бошотуп коет. Башкача айтканда, бала энесин дарылайт.

Бала кичирээк болуп, сүттүн бардыгын эмгенге алы жетпесе “молокоотсос” — сүт саай турган каражатты колдонсо болот.

Бирок, эненин температурасы көтөрүлүп, эмчеги кызарып калса, анда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Анткени ириң пайда болгон учурда үй шартында дарылоого мүмкүн эмес.

Маститти алдын алуу жолдору

  • Баланы туура эмизүү. Эмгенде үрптүн өзүн эле эмес, ареоланы толугу менен эмиши керек. Кээде баланын тили кыска болгондо да туура эмес эмип, эмчектин кесилип кетишине алып келиши мүмкүн. Бул факторду да эске алып, педиатрга же хирурга баланын тилин көрсөтүп коюңуз.
  • Тез-тез эмизип туруңуз;
  • Эмчекти жылуу кармаңыз, суукка урунбаңыз
  • Жеке гигиенаны сактаңыз, б.а. айтканда эмчекти жана колду ар дайым таза кармаңыз.
  • Эгер инфекциялык ооруларга туш болсоңуз өз маалында дарыланыңыз.

 

Кандай гана ынгайсыздык же дискомфорт пайда болбосун дароо доктурга кайрлыгыла. Өзүңөрдүн ден соолугуңарга сак болгула.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эмне үчүн үйдө отурган аялдын эмгеги бааланбайт?

Эмне үчүн үйдө отурган аялдын эмгеги бааланбайт?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.