AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Маршурткадан болочок кайын атама орун бошотуп бербей коюп уят болгом

Маршурткадан болочок кайын атама орун бошотуп бербей коюп уят болгом

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигиттин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Өзү мен жөн жүрбөгөн адаммын. Ар дайым бир балээнин үстүнөн чыгам. Бул жолкусунда “вообще лажа” болдум. Анда эмесе угуп тургула.

— Сен?

— Сиз?

— Ата таанышып алыңыз, бул болчок күйөө балаңыз болот.

— Эмне?

— Атаңбы?

— Ушубу жигитиң?

Мен сүйгөнүмдү карайм, ал атасын, атасы мени. Үчөөбүз шок болуп канча турганыбызды билбейм, ити келип колумдагы тортту жалап жибергенде эсибизге келдик. “Кир эми”, кайын атам жолдон качып, эшикти ачты. Күнөөлүүдөй башымды жерге салып үйүн көздөй жөнөдүм.

— Ай жигит! Бул байкеңе туруп берип койсоң боло, жаш эле неме экенсиң.

— Колумдагы тортум жалпайып калат, туруп бере албайм.

— Ай, эмне дейт?

— Байке деле жаш экен, мен азыр түшөм, кичине чыдап турат.

— Мына сага!

— Эже, туура түшүнүңүз, өзүм “мандраж” болуп баратам. Бүгүн мен үчүн маанилүү күн, сүйгөнүмдүн ата-энеси менен таанышам. Толкунданганымдан колу-бутумду сезбей калдым, азыр тура албайм чын. Могу тортту араң кармап келатам.

Ошол маалда тиги байке мага бурулуп:

— Эмне ал кызды ушунчалык сүйөсүңбү?

— Ооба, ал үчүн баарына даярмын.

— Атасы макул болбой койсочу?

— Атасынын ишеничин актаганга аракет кылам. Кызы мени менен бактылуу болорун көрсөтөм. Батасын алмайын, артынан чуркап жүрө берем. А эмне үчүн сурап жатасыз?

— Жөн эле, менин дагы кызым бар.

Бир аялдама эрте түшүп алыпмын. Болбосо тиги байке экөөбүз эбак эле жолукмак экенбиз.

Дасторконго отурарыбыз менен сүйгөн кызым мени мактап кирди.

— Ата, Азим сонун жигит, анан спортсмен, анан медалы дагы бар, анан неме тамакты мыкты жасайт, анан…

— Кызым болду, мен бул жигиттин кандай экенин жакшы билем.

— Кайдан билесиз?

— Мага маршруткадан орун бошотпой койгон.

— …

— Капа болбо кызым, жүргүнчү катары анча эмес, бирок  күйөө балам болууга ылайыктуу жигит. Андыктан, силерге батамды берем.

Толкунданганымдан байкабай ит жалаган торттон бир кесим жеп жибериптирмин, баары күлүп жатып калышты.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кыздардын төшү канча жаштан баштап өсө баштайт? Маммолог айтып берет

Кыздардын төшү канча жаштан баштап өсө баштайт? Маммолог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.