AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Маршруткада болгон окуя: "Мас жүргүнчү колумдан өөп..."

Маршруткада болгон окуя: «Мас жүргүнчү колумдан өөп…»

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Окурманыбыз маршруткадан мас киши асылганын айтып  bilesinbi.kg редакциясына кайрылды. Өкүнүчтүүсү, бир да жүргүнчү жардамга келбептир.

Саламатсызбы! Сиздин кеңешиңизге муктажмын.

Сабактан жаңы эле чыккам. Аярламада маршрутка күтүп турсам, жаныма жашы 60тарга чамалап калган киши келип, “Сен Актандын кызы эмессиңби?”, — деп сурады. Оозунан арактын жыты буруксуйт. Баш чайкап ары басып кеттим. Кечке мени карап турду.

Маршрутка келди. Аркаман түштү. Алдыда эки орундук бош экен. Отурдум. Тиги киши бет маңдайыма туруп алды.  

Оозу-мурдун кыйшыйтып, көздөрүн ойноктотуп ачык эле тийише баштады. “Чоң атамдай эле киши экенсиз, уят эмеспи!”- дедим. Токтоп калган жок. Түшүп кетейин деп ордуман туруп баратсам колумду кармап өөп жиберди. “Собака”, — деп жаактан ары бир чаптым. Колумду кое бербейт. Тепкилеп кирдим.

Артта улуу байкелер, эжелер отурган. Бири жардам берген жок, айдоочу да бейкапар баратты. Адамдардын жүрөгү таш болуп калганын ошондо билдим.

Коркконуман ыйлап жибердим. Колумду тартып алып, маршруткадан түшүүгө шаштым. Жөн калбай терезени тыкылдатып, «жакшы бар» дегенсип колун булгалады.

Айтыңызчы, мен эмне кылышым керек эле? Укугум тебеленип калгандай өзүмдү жаман сезип жатам. 

Юрист Нурислам Раимжанов милицияга арыз жазуу керек экенин айтты.

Урматтуу окурман, кайгырбаңыз! Мындай абалга кабылганда, өз укугун мыкты билген адам да өзүн жоготуп коюушу мүмкүн.

Келиңиз, эмне кылуу керек эле, карап көрөлү:

  • Өзүңүздү жоготпоңуз;
  • Коркконуңузду билдирбеңиз;
  • Адамдар качан жардамга келет деп күтпөй, биринчи жардам сураңыз;
  • Эч ким жардам бербесе, 102 номерине чалып, аты-жөнүңүздү, тийишип жаткан кишинин белгилерин, кайсыл маршруткада, кайда баратканыңызды кабарлаңыз;
  • Милиция кызматкерлери келгенче эл көп жерде болуңуз (коомдук жайда бир аз да болсо коопсуз);
  • Сизге тийишип жаткан адамды видеотасмага тартып алууга аракет кылыңыз.

Милицияга окуя кайсы аярламадан болгонун айтып, арыз жазыңыз. Ошол жерде же айланасында видео байкоо бар болушу мүмкүн. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Адистен кеңеш: Кантип насвайды таштаса болот?

Адистен кеңеш: Кантип насвайды таштаса болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.