Саламатсызбы! Жалгыз бир тууган инибиз жакында каза болду. 13 жана 15 жаштагы эки кызы бар. Ата-энебизден калган чоң үй инимдин наамында эле. Биз бир туугандары болобуз, үч кызбыз. Ошондо үй бизге дагы бөлүнөбү же аялына автоматтык түрдө өтөбү? Келинчеги жаш, сулуу. Экинчи ирет турмушка чыкса, кыздары чоңоюп өздөрү менен болуп кетсе, ата-энебизден калган тамдын босогосун аттабай калабызбы деп кабатыр болуп жатабыз.







