AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Мал багам

«Мал багам, өзүмдү кармана албай койлор менен кумарымды кандырам»

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Көбүнчө жаныбарлар менен айыл жергесиндеги эркектер жыныстык катнашка барат. Негизги себептеринин бири – жалгыздык.

Зоофилия — адамдардын жаныбарларга болгон каалоосу, же жыныстык жактан жаныбарларды жагымдуу катары таануусу. Термин 1894-жылы немец психиатры Рихардом Крафт-Эбин тарабынан  «Сексуалдык психопатия» китебине сунуш кылынган.

«Койлор менен кумарга батам»

Кайрылган окурмандарыбыздын айрымдары жакшынакай жүрүп эле бир күнү жаныбарларга болгон жыныстык каалоо болуп калганын айтышат. Мына ошондой жигиттердин бири өзүнүн окуясын айтып берди, учурда психологдун жардамына муктаж экендигин, кийинки турмушума залалы тийбейби деп кабатыр.

“Мен 22 жаштамын. Түштүк жергесинен болом. Мал багам. Койлор менен бат-баттан жыныстык катнашка барам. Өзүмдү колго алайын дейм, бирок кармана албайм. Сиздерден сурайын дегеним бул ден-соолугума зыян эмеспи? Мунун кандай коркунучтары бар. Кеңешиңиздерге муктажмын.”

 

Сексолог Илья Комаровер коомубузда мындай адамдар көп дейт:

— Зоофилиянын негизги себеби — жалгыздык, жактырган адамын, сексуалдык өнөктөшүн табуу жана үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунда. Салтка айланып калгандай кээ бир өлкөлөрдө кыздарга салыштырмалуу балдар көп төрөлөт. Ал эми кыз менен мамиле куруу үчүн калың берип, чоң той өткөрүү керек. Көп иштеп, акча таап булардын баарына жеткиче жигит өз муктаждыгын кантип кандырат?! Жыйынтыгында жаныбарлар менен кумарга батат. Зоофил бир гана кой эмес, жаныбарлардын ар түрү менен жыныстык катнашка барат. Менин кабылдамама жардам сурап мындай адамдар көп келет. Бул айла жоктун иши дейт элем.

Сексологдун айтымында адамдын жанында табитине төп келген айым пайда болгондон кийин бул адаттан алыстайт.  

— Зоофилия олтуттуу нерсе, ал башты талап калыбайт, ал учурда жыныс мүчөң башкарат. Жакшылап ойлонгула, жаныбарлар менен кумарга батуу менен, силер аларга адамдын образын берип жатасыңар. Бул туура эмес. Мындай учурда ички конфликт пайда болот. Тезинен дарылануу керек.

 

«Кыз жоктугунан улам, жаныбарлар менен жыныстык катнашка барам»

Ошол эле учурда жашаган жеринде кыздардын жоктугунан улам мындай кадамга барган жигиттер дагы жок эмес. Алардын бири өз турмушун төмөндөгүчө баяндайт:

“16 жаштамын. Айылда турам. Биз жакта кыздар аз. Бар болсо дагы үйлөрүнөн чыкпайт. Салтка бекем. Чоңойгон сайын жыныстык катнашка баргым келет. Үйлөнөйүн десем жашмын. Кээде мастурбация кылам, чыдай албай калганда сарайга барып, койлордон кумар алам. Кийин мен балалуу боло алабы? Жаман оорулар менен ооруп калбайымбы?”

Дарыгер урологдордун айтымында зоофилиянын ден-соолукка зыяны абдан чоң. Жаныбардан адамга түрдүү инфекциялык оорулар берилиши мүмкүн.

— Аябай биздин коомго туура келбеген көрүнүш. Эгерде жаштардын арасында аноним суроо берилсе, демек бизде болуп жатат. Көбүнчө бул дарт менен психологиялык жактан, импотенция менен жабыркаган адамдар оорушат. Дин мындай көрүнүшкө тыюу салган. Медициналык жактан алып карасак ден-соолукка зыяны абдан эле чоң. Эгерде жаныбарда зооинфекциялар болсо: бруцеллез, лептоспироз, аллергия ж.б.у.с адамга өтөт. Психологиялык жактан алып карасак мындай адамдар коомго коркунуч алып келиши мүмкүн. Себеби буларда акылсыздык, мыкаачылык (садизм) мүнөздөр болот, – деди дарыгер Гүлзина Мадраимова.

Зоофилдердин көбү айылдык жигиттер 

 

Тажрыйбалуу психотерапевтердин бири Ильдар Акбутин, “Көбүнчө айбанаттар менен жыныстык катнашка айыл жергесиндеги жаш жигиттер барат”, -дейт.

— Зоофилия аргасыз жана патологиялык түрдө болот.

Аргасыз зоофилиянын бир нече себептери бар:

  1. Уялчаактык, өзүн-өзү төмөн баалоо, физиологиялык кемчиликтер, сексуалдык ден-соолук көйгөйлөрү ж.б. кадимки жол менен өз муктаждыктарын канааттандырууга тоскоол болот;
  2. Жалгыздык жана жаныбарлар менен узакка көпкө болуу;
  3. Көптү билүүгө ынтызар болуу, кызыгуу;
  4. Никеге чейинки жыныстык мамилеге тыюу салган улуттук, элдик каада-салттар;
  5. Жыныстык бузукулук, өнөкөт дүүлүгүү.

Бул учурда, жаныбарларга болгон кызыгуу мезгил-мезгили менен, убактылуу болуп, жыныстык жашоо үзгүлтүксүз боло баштаганда жоголот.

Патологиялык зоофилия сейрек кездешет жана төмөнкү себептерден улам болот:

  • Карама-каршы жыныстагы адамга болгон жийиркенүү;
  • Физикалык жана психикалык бузулуулар, бала кездеги жаракаттар, коркуу сезимдери ж.б. түрткү болушу мүмкүн;

Бул учурда, психологдон жардам издөө керек.

Психологдун айтымында жаныбарлар менен болгон жыныстык катнаштан кийин кардарлар өздөрүн күүнөлүү сезип, азап чегишет, күчтүү тынчсыздануу, стресс, өзүн-өзү кыйноого дуушар болушат.

— Терапиядагы негизги басым – коррекция, жыныстык каалоосун туура багытка кайра багыттоо. Кардарлар өздүк иш-аракеттерин уятсыз жана адеп-ахлаксыз катары аныкташат. Ошентип, алар күнөөлүү сезиминен арылып, өзүнө болгон бааны көтөрүп, адамрдар коомундагы мамилени жандандырып, социалдык адаптациядан өтүнү каалашат. Көпчүлүк учурларда, карама-каршы жыныстагы адам менен болгон толук кандуу мамиле салттуу эмес жолдор менен кумар алуу зарылчылыгын жокко чыгарат, — деди психотерапевт Ильдар Акбутин. 

Урматтуу окурман мына ушул окуянын баары биздин айланабыздагы жаштар арасында болуп жатат. Эгерде кимде ким сырын айткысы келсе, же жооп таппай жүрсө, www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолорун узатса болот. “Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду ар бир өспүрүмгө же жаштарга жеке алып берет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жашооң сен каалагандай эмеспи

Жашооң сен каалагандай эмеспи, анда муну оку!

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.