Саламатсызбы. Психологдун кеңешин сурайын дегем. Жашым 30да. Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө 5 жыл болду. Аябай жакшы бала: ичпейт, чекпейт, аракетчил, тиричиликке тың.
Экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрүп, сүйүштүк. Ансыз жашоомду да элестете албайт элем. Мамилеси таанышкан күндөн бери өзгөргөн жок, мени аяп, көзүмдү карап турат.
Ойлондурганы, кийинки күндөрү менин сүйүүм сууп бараткандай. Башка бирөөнү жакшы көрүп калдым десем, эч кимим деле жок.
Болгону мага көзүмдү караган эмес, үстөмдүк кылган эркектер жагат окшойт.
Мамилени улантсамбы же баарын айтып түшүндүрөмбү? Ансыз жашай аламынбы же жокпу кантип сынап көрсөм болот?







