AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Лыжачан бала

Лыжачан бала

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Чөлдө кербенинен калып кетип, күнгө куйкаланып, тамчы суу үчүн жанын бергенге даяр, жутканга шилекейи катып, айла түгөнгөндө заарасын кочуштап ичейин десе кашайып анысы да какшып чыкпай, тилин салаңдаткан жолоочу өңдүү бей чара Лыжачан бала да эриндерин жаланып келатты. Баары жылас болгондой, көчөдө тирүү жан көрүнбөйт. «Кышында жут каптай тургансып, кемпир-чалы деле чөп чабыкка кетип калганбы…» — деп ойлоду, саардан бери жазылбай, мээси бүрүшүп калган башы.

Лыжачан бала жумалап бөтөлкөнүн ичинде жашап, чакалап ичсе да эртеси мынчалык башы ооручу эмес. «Карып баратамбы, колдор калтырап, дене титирейт, томолоноюн деп калган чалдай болуп» деп уудан олжосуз кайткан аңчыдай түнт тартып баратты.

— Ии, келип калыптырсың, Лыжачан бала. Абалыңды го көрүп турам. Бирок кечирип кой, карызга куюп бералбайм. Өзүң деле билесиң, эки айдан бери төлөй элексиң. Карызың болсо эки баракты толтурду.

Дүкөнчү Гүкүн айылдыктын баары жазылган калың көк дептерге ишарат кылып койду. «Башкалардан го пенсиясын алган кезде же малын саткан маалда өндүрүп алам. Сенден балээни алайынбы, арак ичпей, балээ ичкир,» — деди ичинен, сыртынан боору ооругандай, абалын түшүнүп тургандай түр көрсөтө. Лыжачан баланын Гүкүндүн айылдын шамалына, чаңына туурулган жүзүн айга, күнгө теңеген аракети да дүкөнчүнү ийге келтирбеди. Көк дептердин ээси бир топ жыл мурун мода болуп турган кезде салдырып, эми ак тишке алмаштыра албай жүргөн маңдайкы алтын тиштерин жылтырата күлүмсүрөй гана угуп турду. Ал айылдык аракечтин баарын беш колундай билип бүткөн.

Айтмакчы, ошолордун сап башында турган Лыжачан баланын азан чакырылып коюлган аты Боронбай. Бир ирет арактан өкүртө ичип алып, жинди суу ичти кызыткандан кийин өзүн Манас баатыр сезип, атын айылды чаңызгыта чаап жүрүп анан ооздугун тарта албай, аңгекке түшүп кеткен. Ошодон бери сылтып басат. Алыстан караганда бир өйдө, бир ылдый болуп аксап басып келаткан Боронбайды бөтөлкөлөш жоросу Эргеш «Ойнең, Бокуш эмне, лыжа кийип алганбы,» — дей салып, жанындагылардын боорун эзген. Ошентип Боронбай, Бокуш аттары өчүп, карысы деле, жашы деле «Лыжачан бала» дей баштаган.

Айласы куруган Лыжачан бала бүгүн капканы чаппай калганына каңырыгы түтөй, түпкүрдөн жылт эткен кызыл үмүтү өчкөнсүй, көчөдө жалгыз шылкыйып баратты.

— Ассалому алейкум, Боронбай бий!

«Арзыбай молдо» деди ичинен Лыжачан бала, башын көтөрбөй туруп. Бул айылда аны өз атынан ушул мечиттин имамы эле атачу.

— Мечитке да келбей койдуңуз. Мени көрсөңүз эле ажыдаар көргөнсүп, алыстан айланып качасыз, мен сизди зордоп апкеле тургансып. Жок дегенде жума намазга келип турсаңызчы, даараттын шылтоосу менен бетиңиз да жуулуп калат эле, — Арзыбай молдо Лыжачан баланын чылпык баскан көздөрүнө тийиштире сүйлөдү.

Лыжачан бала молдону кыртышы сүйбөй турду. «Тимеле, тимеле. Адалсынып коет мага, үйүңөн алты камандын башы чыгаар, — деди ичинде, — кыйын экенсиң, мага акыл үйрөтпөй, аялың Гүкүнгө арак саттырбай койбойсуңбу. Деги сен өзү такыба болуп калганыңа канча болду? Мурдагы жылы эле биз менен ичип жүрүп, оонап калганыңда, үйүңө мен колтуктап жеткирчү эмес белем. Эми эле мага насаат айтып калганын кара».

— Ниет бар, таксырым, ниет бар. Буюрган күнү силердин сабыңарга туруп каларбыз, — Лыжачан бала кышы бою тезек менен көмүр жагылган мештин морундай карарган бетиндеги апсайган сакалын сылай, шек алдырбады.

— Машалла, таксырым! Иншалла ошондой эле болсун. Пакистанга үч айлык дааватка жөнөдүм. Иншалла сизге теспе ала келейин, өз колум менен тапшырам. Жок, жакшысы сиз да жүрбөйсүзбү. Аллага бирге кызмат кылалы. Көрөсүз, бир айда эле бетиңиз нурданып, өзүңүздү тааныбай каласыз.

«Бир стакан эле жутсам, бетим нурданмак түгүл жаркырап калбайт беле. Ыя, аялыңа айтып койбойсуңбу, Пакистан-Макистанга убара кылбай эле, айылдан эле сообума калсын» деп куйтуланып турду.

— Чөп чабышым керек, таксыр. Болбосо үйдөгү тиргиликти таштап коюп, тилин билбеген, бабам көрбөгөн жерге мен деле бармакмын. Анын үстүнө, өзүңүз деле көрүп турасыз, мага окшогондор деле дааваттан келип алып, керек болсо эл сыйлаган, той-топур, өлүм-житимден жилик алган молдого айланып жатпайбы.

Молдонун чылпагына тийиштирген сөзүнө татыктуу жооп берип койдум дегенсип, кудуңдай, компоюп калды. Азыр эле жүзүнөн мээрим төгүлүп тургансыган молдонун таалылуу жеринен кармады белем, ыраңы кубара түшүптүр.

— Кудай ургур, жаннаттан жай табылбай калсын сага…
— Бейиштин баарын өзүңөр ээлеп алсаңар анан…

Экөө бири-биринен алыстаганга шашып, артына кылчайбай кетишти. Бирок Арзыбай молдонун «Пакистанга… үч айга…» деген сөздөрү эсине кылт эте, кулагынан кетпей туруп алды… Ашыга элеңдеп, молдонун үйүн карай басты.

Кожоюну дааватка, кожойкеси дүкөндө жүргөн үйдүн короосунда кукулуктап бир топ тоок жүрөт. Кайдан-жайдан жем таба койду да, «түтү-түтүлөп» чогултуп, шырп алдырбай бирөөсүн баса калды… Арыктын боюна отура калып, муздак сууга эле тооктун жүнүн тытып кирди…

— Гүкүн, карачы, семиз тоок апкелдим. Эти жумшак, өзүм баккам. Талап эле кетишет. Келе, ордуна бир бөтөлкө берчи…

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Азыркы кыздар жеңил ойлуубу?

Азыркы кыздар жеңил ойлуубу?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.